Билл Гейтс күзүндө өлүмдүн көп болорун эскертти
“Дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы кырдаал турукташканга чейин курчуп, кеминде 2021-жылга чейин коркунуч туудурат” деди GeekWire саммитинин жүрүшүндө Майкрософт корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс.
Ал жабык жайларда адамдардын саны көбөйүп, аба ырайы суук болгондо Европа жана АКШда коронавирустун жаңы толкуну келе жаткандыгын баса белгиледи.
“Күзүндө каза болгондордун жана өлүмдүн санынын өсүшүн күтүүгө болот” деди ал. Андан кийин кырдаал оңолорун айтты. “Жакшы жаңылыкты жылдын аягында же кийинки жылдын башында күтүүгө болот. Анткени, кыйла натыйжалуу дары-дармектер – биринчи кезекте моноклоналдык антителалар пайда боло баштайт. Учурда сыналып жаткан үч фазадагы биринчи алты вакцинанын экөө же үчөө жактырылат. Бул бизге инфекцияны азайтууга жардам берет» деп божомолдойт Гейтс. Бирок, вирустун жайылышы дүйнө жүзү боюнча аяктамайынча, пандемияны эч жерде толугу менен жеңүү мүмкүн эместигин эскертти.