Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Кадыркулов: “Ат-Башыда шайлоого карай чагымчыл аракеттер байкала элек”

Максат Кадыркулов: “Ат-Башыда шайлоого карай чагымчыл аракеттер байкала элек”

27-сентябрь, 15:12
667 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ат-Башы райондук администрация башчысынын биринчи орун басары Максат Кадыркулов менен баарлаштым. Алыскы тоолуу райондо жыйым-терим, чөп чабык, эгин жыйноо, кышка даярдыктарды сурадым. Ал ортодо парламенттик шайлоо, андагы үгүт иштерин кошумчалай кеттик.

-- Максат иним, райондогу жыйым-терим жөнүндө сурайын, акыбал кандай?

-- 25 миң 235 гектар жерге кесек тоют топтоо пландаштырылган болсо, бүгүнкү күндө чөп чабык толук бүттү. Мунун ичинен 2310 гектар бир жылдык чөп, 13897 гектар эспарцет, 9028 гектар жери табигый чөп чабылды. Жалпы район боюнча 93 миң 349 тонна тоют жыйналып алынды. Өзүңүз билгендей, мурунку жылга салыштырмалуу быйыл аба ырайы өтө жаанчыл болгондуктан, бери жагы таш бетине, ары жагы зым карагайга чейин гүлдөдү. Ар бир гектардан 37,1 центнердин тегерегинде болду. Бул былтыркыга караганда өтө жакшы көрсөткүч. 

-- Кылкандуу дан эгиндер да ушундайбы?

-- Быйыл 2718 гектар жерге дан эгин айдалган. Анын 99,5 пайыз жерине арпа жана 22 гектарына буудай айдалды. Жаанчыл болгонго байланыштуу бышпай калуу коркунучу болгондуктан, 8-14 гектар жери чөп катары чабылып кетти. Ал эми 700 гектар жери чабыла элек. Район боюнча оруп-жыюуга жалпысы 16 комбайн катышып жатат. Бу да жетишсиз болгондон улам Мамытбай Салымбековго кайрылганыбызда, Бишкектен эки комбайн алдыртып, бүгүн Ат-Башы айылына келди. Биздин план боюнча 1-октябрга чейин бүтүрөбүз. 

-- Кышка карата райондо көмүр камдоо жагы кандай абалда?

-- Жалпысынан быйыл билим берүү тармагына 3611 тонна көмүр алууну пландаганбыз, мунун 2735 тоннасы келип, 75 пайызы бүткөрүлдү. Саламаттык сактоо тармагына 160 тонна пландаштырылган болсо, 78 тонна тартылып, же 49 пайызы камсыздалды. Аскер комиссариатына 32,6 тонна келип түштү. Кесипчилик лицейге 140 тонна дегенбиз, анын 30 тоннасы даяр. Баардык бюджеттик мекемелер үчүн 3943 тонна тарта турган болсок, анын 2044 тоннасы тартылып келинди. 

-- Бул көмүрлөр Казакстандан кымбат баада келген жокпу?

-- Көмүр алуу Кара-Кечеден жана Турук кесиминен пландаштырылып, анын Кара-Кечеден келе тургандары толук келди. Ал эми Туруктан ушу кезге чейин тартылып жатат. 

-- Топбазалардын шарты кандай?

-- Ат-Башы районунда топбазаларды быйыл 64 жерге ачууну пландаганбыз. Учурда көмүр карьерлеринде бюджеттик мекемелерди бүт бойдон камсыздоо максатында толук кандуу иштеп жатышат. Элде суроо-талаптын жоктугунан азырынча биздин топбазаларга көмүр келип түшө элек. Бирок, тартып келүү үчүн баардык фирмалар менен жеке ишкерлер, жүк ташуучу автоунаалардын ээлери менен сүйлөшүлдү. Бюджеттик мекемелердин баардыгы камсыздалып бүткөндөн кийин элдин суроо-талаптарына ылайык көмүр топбазаларга келип түшөт. 

-- Райондо шайлоого карата үгүт иштери кандай маанайда жүрүп жатат?

-- Парламенттик шайлоого карата биздин райондун жалпы элинин маанайы орто. Партиялар биринин артынан бири келип, айыл өкмөттөн, райондук администрациядан уруксат алып, атайын тийешелүү жерлерге өздөрүнүн үгүт иштерине карата жыйындарын өткөрүп жатышат. Эл арасында негативдик көз караштар, же башка бир чагымчыл иштер боюнча эч кандай маанай байкалбайт. Саясый абал тынч. Элибиз терс жакка эмес, позитивдүү эле шайлоого баратат. Ар бир партиянын активдүүлүгү байкалууда. Менимче, шайлоо аяктаганга чейин эч кандай көйгөй болбойт го...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер