Аликбек Жекшенкулов: Кыргызстан – сүйүктүү мекеним
(Башы өткөн сандарда)
Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу
Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагын Кыргызстандын эң кооз жерлеринин бири катары эсептейм. Мындай пикир жаш кезимдеги ал жакка болгон сапарымда пайда болгон.
Корук Батыш Тянь-Шанда, Чаткал менен Ат-Ойнок кырка тоолорунун кошулган жерине жакын жайгашкан. 1959-жылы бул жерлердин талааларын, кырка тоолорун, карлуу чокуларын, дарыяларын, тоо көлдөрүн, гүлдүү өрөөндөрүн жана флорасы менен фаунасын сактоо үчүн корукка алынып, изилдөө максатында иш башталган.
Бул жерде өсүмдүктөрдүн 1000ден ашык түрү, канаттуулардын 10, сүт эмүүчүлөрдүн 34 түрү, анын ичинде бугу, аюу, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, борсук, кемирүүчү кирпилер, алтургай ак илбирстер жашашат.
Коруктун бермети Сары-Челек көлү, ал деңиз деңгээлинен 1873 метр бийиктикте, узундугу 7,5 чакырым, туурасы 350-1500 метрге созулган. Көлдүн эң терең жери 234 метрге жетет. Жээктеги сызыгы катуу оюлуп, чытырман токойлор менен капталган. Көлгө көптөгөн агын суулар, жер астындагы агымдар жана Сары-Челек дарыясынын суулары кошулат. Көлдүн айланасында бир нече майда көлчөлөр бар.
Сары-Челек көлү жана уламыштар
Сары-Челектин мааниси «сары чөмүч» дегенди билдирет. Балчы көлдүн жээгине бал челектерин орнотуп, бир күнү балды челекке куюп жатып, балдын өңүнө суктанып, көлгө «сары чөмүч» деп ат коюуну чечкени жөнүндө уламыш бар.
Сары-Челек илгертеден бери ыйык катары аздектелип келген. Көлдүн түштүк жээгинде мусулмандар үчүн ыйык Тоскоол-Ата мазары – ошол эле Торскоол олуянын мүрзөсү жана сыйынуучу жайы бар. Уламыштар боюнча алганда, карыя таягынын соккусу менен тоолорду кулатып, көл пайда кылган. Бул сырдуу жерде эки мечит жана чытырман теректен аккан булак бар. Булактын суусу денедеги жараларды айыктырууга, жандүйнөдөгү дартты кетирүүгө касиети, дарылыгы бар экени айтылып келет.
Токтогул суу сактагычы
Аймакты баяндоодо Совет доору көзгө элестейт. Ал кезде курулуп, өлкөнү бүтүндөй электр энергиясы менен камсыз кылган уникалдуу Токтогул суу сактагычынын пайдасы, мааниси чоң. Райондун өнөр жай тармагындагы потенциалы эбегейсиз зор экендигин белгилегим келет. Келечекте Жалал-Абад облусу эң өнүккөн, бакубат аймактардан болоруна толук ишенем.
Талас облусу
Кыргызстандын түндүк-батыш тарабында Казакстан, Өзбекстан менен чектешкен Талас облусуна токтололу. Аймактын негизин Талас өрөөнү түзөт, планы боюнча Талас жана Кыргыз кырка тоолору белгиленген үч бурчтукка окшош. Көлөмү, калкынын саны боюнча өлкөдөгү эң кичинекей облус. Бирок экологиялык жактан таза абасы, жапайы фаунасы, тоодогу дары суусу, ошондой эле жапайы токойлору менен белгилүү. Облус аймагында 250дөн ашык дарыя бар, ал эми Үч-Кошой менен Каракол сууларынын кошулушунан пайда болгон эң чоң Талас дарыясы батыш тарапка агып, Муюнкумдун кумдарына сиңип кетет.
Райондун аймагында коло дооруна таандык Таш-Дөбө, Кызыл-Сай, Беш-Таш, Жол-Дөбө, Таш-Арык мүрзөлөрү, байыркы Кең-Кол көрүстөнү (б.з.ч. II-III к.), Нуш-Жан кыштагы (Үч-Булак станциясынын жанында) бар. Айыртам-Ой дарыясынын өрөөнүндөгү эпиграфиялык эстеликтерден түрк тилинде ташка чегилген байыркы жазуулар табылган.
Кең-Кол көрүстөнү
Талас шаарында Кең-Кол көрүстөнү жайгашкан. Ал көчмөн элдерге гана мүнөздүү болгон жер астындагы арка сымал камералары, тик бурчтуу чуңкурлары, жыгач кутучалары же көмүлгөн табыттары менен белгилүү. Жер астындагыларды кавказ расасына таандык кылышканы менен монголоиддик белгилердин аралашмасы бар экени айтылып, кызыгууну жаратып келет. Бул жерде көмүлгөн адамдардын үй буюмдары да сакталган.
Манас күмбөзү жана анын уламыштары
Мен Талас жергесине барган сайын ар дайым Манастын күмбөзүнө келип, анын рухуна таазим кылам. Жаңы сезимдер ойгонуп, күчтүү энергияны алам, андан кийин эмнегедир кызыктуу ойлор, идеялар пайда боло баштайт.
Бул ыйык жерге бара электерге айтарым, Талас өрөөнүнүн түпкүрүндө, тоолордун арасында анча бийик эмес, куполдуу имарат бар. Көлөмү анчейин чоң эмес, бирок Кыргызстандын ар бир тургуну анын сырдуулугун бала кезинен бери туюп, ал жакка барууну кыялданат. Айтылып келген версиялардын бирине ылайык, көрүстөн баатырдын уулу Семетей тарабынан тургузулган. Дагы башка жоромол боюнча, Манастын аялы Каныкей Бухара, Самарканддан усталарды чакыртып келип, күйөөсү үчүн бул жерге күмбөз тургузууну буюрат. Манастын акыркы баш калкалоочу жайына душмандын көңүлүн буруу үчүн мавзолейге такыр чоочун кишинин атын жаздырган. Күмбөздүн сырты өзгөчө кооздукта. Бул жерде геометриялык оюм-чийимдин катаалдыгы, өсүмдүк үлгүсүнүн башкарылгыс фантазиясы, ритмге жана маанайга бай динамикалык сүрөттү жаратат. Кыргыз оюм-чийиминин билермандары үчүн мындай көрүнүштөн элдин жандүйнөсүн, кол жазмасын таануу кыйынчылык жараткан эмес.
Манас күмбөзү Кароол-Чоку деп аталган конус формасындагы тоонун этегинде, Кеңкол дарыясынын жээгинде жайгашкан. Уламыштардан алганда, Манас баатыр бул тоонун чокусунан тегерек-четке көз салганды жакшы көрчү, анткени бул жерден алыс жактарды көрүүгө болот.
Күмбөз 225 гектар аянтта жайгашкан Манас Ордо улуттук комплексинин негизин түзөт. Комплекске Манас музейи, монументалдык скульптуралары бар парк жана Кароол-Чоку тоосу кирет.
Беш-Таш мамлекеттик, улуттук жаратылыш паркы
Талас кырка тоолорунда Беш-Таш мамлекеттик, улуттук жаратылыш паркы жайгашкан. Ал Талас шаарынын түштүгүндө орун алып, өзүнө Беш-Таш, Калба, Күмүш-Таг, Үрмарал капчыгайларын камтыйт. Коруктун бийиктиги деңиз деңгээлинен 1100 метрден 3500 метрге чейин жетет.
Беш-Таш коругунун өзгөчө аталышы капчыгайдагы бүгүнкү күнгө чейин турган беш таштан улам коюлган. Анда мыкаачылыгынан улам дал ушул беш ташка айланып калган беш каракчы жөнүндө кызыктуу легенда бар.
Корук Талас облусунун жаратылышынын биоартүрдүүлүгүн сактоо максатында түзүлгөн. Коруктун капчыгайларынын жака-бели жыш арча токоюна бай, аларга адамдын колу тийген эмес. Арчадан тышкары бул жерде Тянь-Шань карагайы, пихталар кездешет. Коруктун аймагында 8 тоо көлү бар, алардын эң чоңу – Беш-Таш аталышындагы капчыгайда жайгашкан Беш-Таш көлү.
Киров суу сактагычы
Советтер Союзунун убагындагы архитектуралык эстелик – Киров суу сактагычы тууралуу айтпай койсок болбойт. Бул Лениндин монументалдуу элеси түшүрүлгөн, өзүнүн плотинасы менен атагы чыккан Талас районунун батыш тарабында орун алган ири суу сактагыч. Мындай образ советтик монументализмдин көрүнүктүү эстелиги. Курулуш Чоң-Капка капчыгайында 1965-жылы башталып, 10 жылга созулган. Башында ал жерде Киров айылы жайгашкан, натыйжада, коңшу аймакка көчүрүлөт. Белгилүү болгондой, бул саамалык Талас өрөөнүндөгү жерлерди сугаруу үчүн салынган. Суу сактагычтын максималдуу тереңдиги 7 метрди түзөт. Аянты 20 чарчы километр.