Сакалчандарды, узун көйнөкчөн эркектерди, паранжа жамынган аялдарды кантип тыябыз?

Жаш туруп сакал койгондор, дамбал, узун көйнөк кийген эркектер, паранжа, хиджап жамынган кыз-келиндер көзгө кандай комсоо көрүнөт? Өзгөчө акыркы кездерде ушундай самтыраган, кыргыздын улуттук баалуулуктарына шайкеш келбеген образдардын ачылып баратканы өкүнүчтүү. Бийлик тез арада мыйзамыбызда көрсөтүлгөн светтик жашообузга адашкандарды бурбаса, аягы тынчсызданууга алып баратат. Диндеги радикалдуулуктун жеткен чеги – үстү-башындагы арабдашуу кийими, апсыйган сакалдары менен үрөй учурууда, туурабы? Алыстан мисал кылбайлы, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда заманбап, же улуттук жасалгада кийинүү сыймыкка айланган. Алар сакалчандарды кырдырат, чүмкөнүп алгандарды сыйрыйт го? Себеби, мамлекетте тартип бар. Экстремизм, терроризмге каршы айыгышкан күрөш кылышат. Тымызын козуган диний уюмдарга, радикалдык кадамдарга чек коюлган. Элдин тынчтыгы, коопсуздугу биринчи орунда. Ал эми биздечи? Ооганстандын бийлигин талибандар алгандан бери Кыргызстанда кандайдыр бир деңгээлде исламчылардын кыймыл-аракеттери жанданып, үргүлөп жүргөн катмарлар ойгонушуп, көчөлөрдө улуттук өзгөчөлүккө жат келген көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Илим, билимге умтулган жаштарыбыз корко баштаганы талкууга алынууда. Башкасын айтпасак да, узун көйнөк кийген эркектер, сакалчандар сүр жаратышып, көбөйүп баратышса, эртең булардын амбицияларын, диний талаптарын тизгиндей албай калсакчы? Албетте, олуттуу суроо. Баары майдадан башталат, бийлик азыр көңүл бурбаса, диний радикализмге тыюу салбаса, эртең мамлекетибизди тарттырып жиберүү коркунучу бар. Андыктан, арканды алыс ыргыталы. Эртелеп эсибизге келели!
"Азия Ньюс" гезити