Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйүүчү майдын абалы боюнча кезектеги түшүндүрмө

Күйүүчү майдын абалы боюнча кезектеги түшүндүрмө

21-июль, 22:08
137 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча түшүндүрмө берип, учурда рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди.

     Мекеменин маалыматына ылайык, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы сатып алуу наркынын өзгөрүшүнө, логистикалык чыгымдардын көбөйүшүнө же башка объективдүү экономикалык себептерге байланыштуу гана кайра каралышы мүмкүн. Ошондой эле кызмат рыноктогу баа динамикасын талдап, түзүлгөн макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөөнү улантып жатканын белгиледи.

     “Күйүүчү майдын баасын туруктуу кармап туруу максатында мамлекет импорттоочу компанияларга субсидия бөлүп келет. Бул колдоо ички рынокто баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө багытталган. Көрүлүп жаткан чаралардын натыйжасында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы коңшу мамлекеттерге, анын ичинде баалар өсүп жаткан Россияга салыштырмалуу төмөн деңгээлде сакталууда”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер