Акылбек Түмөнбаев Капчагайдан кумар ойногонун таштабай койдубу?


2020-жылдан бери Акылбек Түмөнбаев байлардын катарына кошулуп, депутат да болуп, бир келген өмүрдүн жыргалчылыгын көрүүдө. Башкасын айтпасак да, ал Казакстандагы Капчагай оюн-зоок куруучу жайга маалы менен каттап, кумар оюнуна батып жүрөбү? Бул таризде анын жакындары кеп кылышса, таңгалып бүтө албайсың го... Бай-бачадай түр көрсөтүп, өзүнчө каада күткөнү да кызык. Капчагайга жалгыз барбай экс-депутат досторун да кошуп алабы? Айтор, Акылбек мырза доорду сүрүп жаткан чак. “Суунуку сууга...” дегендей, оңой келген байлыкты коромжуга учуратуудан жүрөк оорубайбы? “Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” демекчи, жашаганды Түмөнбаевден үйрөнүш керек окшойт...
Айтмакчы, карапайым калкыбыз кымбатчылыктан кайышып күн кечирүүдө. Кыйын кезең уланып атат. А байлар андай түйшүктү кайдан билсин?











