Уулум менен келинимдин мамилесин буза албай бушайманга баттым


Келин босогодон аттаган күндөн тартып эле жүрөгүмө жаккан жок. Эмнегедир аны өзүмө тең көрбөдүм. “Маданиятсыз, түшүнүгү тайкы” деп ойлой берем. Театр, музей, китепкана дегенге кызыкпайт. Мен каалагандай тарбиялуу, интеллигенттүү келин болбоду. Ошондон бери ичимде тынчтык жок. Жашырып эмне кылайын, “ажырашсын” деп көп аракет кылдым. Кээде бышып калган тамагына чоң кашык туз салып коём. Демдеп жаткан пловуна эки чыны суу куюп, ашын боткого айлантып салгам. Уулумдун аппак көйнөктөрүн жууп жатканда билдирбей активированный уголь кошуп, кара так кылып бузгам. “Баарын келинимден көрсүн, уруш чыгат” деп ойлочумун.
Бирок канча аракет кылсам да, уулум келиниме мурдагыдан да көбүрөөк жакын болуп жатат. Экөө мага өчөшкөндөй өзүнчө бактылуу. Үйдүн ичинде жалгыз өзүм күйүп-бышып, ачуум өзүмдү жеп бүттү.
Кээде ойлоном... Балким маселе келинимде эмес, мендедир? Балким уулумду эч ким менен бөлүшкүм келбей жаткандырмын?
Бир туруп “карылар үйүнө кетип калсамбы?” деген ойлор келет. Анан туугандарга “келини кууп чыгыптыр” деген сөз тарайт да, дагы намыс кыстайт. Бирок чындыкты Кудай билет. Мени үйдөн эч ким кууп чыккан жок. Өзүмдүн ичимдеги кызганыч менен күрөшө албай жатам...











