“Ысырапкорчулукка каршы чыккан мыйзам жүзөгө ашпай калды”


-- Президент Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукка каршы чыгарган мыйзамы эмне үчүн жүзөгө ашпады? Көзөмөлдөөчү органдар иштеген жокпу? Той-аштарда, сөөк коюуда ашыкча чыгымдар уланып эле атат го?

Аширбек Бакаев, генерал:
-- Ысырапкорчулук деген аш-той бергендердин байлыгы ашып-ташып кеткенден болуп жаткан жок го. Оокаттуу кишилердин ачылып-чачылып жайган дасторконун көрүп-угуп, карапайым адамдар дагы бири чын намысы менен, экинчиси куру намыска алдырып, андайларга теңеле албаса да алардан кем калгысы келбей, кыйналса да оокаттарын меймандарга жайып салып жатат да...
Андайларды мыйзам менен тыюу кыйын иш, муну жалпы элдин туура түшүнүүсү, каалоосу жана аракети аркылуу гана ишке ашырса болот деп ойлойм. Анүчүн бийлик дагы, алардын өкүлдөрү да өздөрүнөн баштап кылдат аракеттери менен ишке ашырышы керек, атайын мерчемделген иш-аракеттерди өткөрүү эп болот го...

Маматкадыр Тиллебаев, акын:
-- Президент Садыр Нургожоевич ысырапкорчулукка карата жакшы мыйзам чыгарды. Ишке ашпаганынын себеби, мыйзамды бузгандарга жоопкерчилик, жаза колдонулуусу керек эле. Ырасында, аны кайсы бир тартипте эрежеге ылайык бир мамлекеттик ишкана катуу көзөмөлгө алып турушу зарыл болчу. Алсак, мыйзамды бузган жаран катуу жазаланып, олчойгон айып пулдарды мойнуна илип, дагы жөн калбай анын төлөнүшүнө чейин артынан түшкөндө, ошондо гана мыйзамга баш ийишет беле?.. Анткен менен кыргыздар тоңмоюнбуз. Каныбызда бар. Кайдыгерлик деген ар дайым капталдап жүрөт эмеспи. “Мамлекеттин бир да тыйынына эмес өзүмдүн тапкан-ташыганыма той берип атам. Анан тойго келген коноктор нан-чай менен кетишсинби?” дегендер да жок эмес.

Келдибек Ниязов, КР эл артисти:
-- Ысырапкорчулук боюнча эл арасында түркүн кептерди көп угам. Бу Кудай аткырдыкы, элге айткан сайын күчөйт экен. Азыр тойлордун басымдуу бөлүгү ресторандарда өтүп калбадыбы. Кыргыз качан ушундай кылчу эле? Мейли сүннөт той, үйлөнүү той, мейли юбилей тойлор үйдө, татынакай, чакан эле тасмалын жайып, келген коноктордун баары жакшынакай каалоо-тилектерин, батасын берип кетишчү. Эч бир ысырапкорчулук болчу эмес. Азыр ресторанда стол ийилгиче тасмал жайылат. Кары-жашы дебей кайталанма сөздөрүн той ээсине айтып, көк пакетке болушунча алып, калганы калат. Ошол ырыскынын калгандары той өткөн жайдын артындагы таштанды челектерге түшөт. Ал жерде эти да, наны да, желбей калган бешбармагы да бар. Бул эмне, ысырапкорчулук эмеспи? Мындайды токтотуш керек. Мыйзам го чыкты, аны аткарган бир да жанды көрбөдүм. Же көзөмөл кылгандар жокпу, анысын билбейм...











