Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россиядагы мигранттар маселеси талкууланат

Россиядагы мигранттар маселеси талкууланат

01-июнь, 11:54
1 698 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн 1-июнда Бишкекте Россияга эмгек миграциясына кетип жаткан кыргызстандыктардын укугун коргоо боюнча биргелешип иштөө маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Мигранттардын укугун коргоодо Россия менен Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз болорун уюштуруучулар – Санкт-Петербургдагы «ПСП-фонд» уюму жана Кыргызстандын “Улгайган адамдардын ресурстук борбору” кабарлашты.

Россиядан келген адистер бул өлкөнүн тыштан барган эмгек мигранттарына карата саясаты, мыйзамдары, ал эми Кыргызстандын тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрү өлкөдөгү миграциялык процессттердин негизги көйгөйлөрү боюнча маалымат беришет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 82 миңдей жараны Россиянын миграциялык “кара тизмесинде” экенин 20-майда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирген. Ал Россияга барган мигранттарга каттоого туруу үчүн манжа изин тапшыруу, медициналык текшерүүдөн өтүү жана сүрөткө түшүү деген милдеттүү талаптардын коюлуп жатышын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагында жумушчулардын эркин жүрүүсүнө коркунуч туудурган тоскоолдуктардын белгилеринин бири деп атаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер