Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызтест” сынагын кайра карап чыгууга убакыт келди окшойт

“Кыргызтест” сынагын кайра карап чыгууга убакыт келди окшойт

21-октябрь, 22:13
169 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     2026-жылдын 2-9-сентябрь күндөрү “Кыргызтесттин” В2 сынагына 519 адам катышып, 392си кулап, 117си гана өткөн. Сөзүбүз бекем болушу үчүн дагы бир мисал келтирели. Ушул эле жылдын 1-9-октябрь күндөрүн алсак, В2 деңгээли боюнча 1131 жараныбыз “Кыргызтестке” экзамен тапшырып, 989у өтпөй калып, 142си гана өткөн. Булар дайыма активдүү аракеттеги кадрлар. Эмне үчүн мындай күмөн саноолор жаралууда? 

     Ошол эле кезде блогер Илим Карыпбеков “Кыргызтесттен” өткөнүн жарыялап, мактанып видео чыгарыптыр. Эске салсак, Илим убагында юрист, эксперт болуп жүргөн. Текст менен иштеген адис экенин эскертип коёлу. Мындай шартта В2 деңгээли ага оңой эле сынак болушу мүмкүн. Анан эми асмандан түшө калгансып кыйынсынуунун эмне кереги бар эле? Мисалы, Карыпбеков 80 баллга жеткен жерден Суваналиев 84 балл алыптыр, андан ары блогер 97 балл, генерал 87 балл алууга жетишкен. Ушундай. Убагында Карыпбеков соттордо кыргыз тилин талдап жүрсө, Суваналиев Нарында жана башка аймактарда жетекчилик кызматтарды аркалап келген. 

     Ток этерине келсек, “Кыргызтест” көптөгөн жаш кадрларга тоскоолдук жаратып, аша чабуу менен пайдаланылып жаткан жокпу? Мындай сынакты кайра карап чыгууга убакыт келди окшойт. Коомчулукта бекер жерден сын-пикирлер жаралбаса керек. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер