Күзүндө мигранттар саясый кырдаалды курчутууга аралашабы?..

«Карантин убактысынан бери сырттан келген мигранттардын саны 30 миңден ашыптыр. Ансыз да Кыргызстанда жумушсуздук чыңалып турган чакта, мындай көрүнүш саясый кырдаалга кандай таасир этет?» деп собол таштадык.
Аскар Бешимов, коомдук ишмер:
-- Туура, биздин четте иштеп жүргөн көптөгөн мекендештерибиз COVID-19 илдетинин айынан үйлөрүнө кайтып жатышат. Агым азыр да токтой элек. Андан да көп сандагылары бөтөн жерде жумушсуз калып, акча каражаты жок кайра келе албай аткандарынан кабарыбыз бар. Мигранттардын маанайлары бүгүнкү күндө бийликке терс көрүнүштө. Бирок, учурда бул топ бирдиктүү күч катары жокко эсе. Алар дагы көптөгөн уюмдарга бөлүнүп, бири-бири менен ар кандай маселелерде талаш-тартыш болуп жатканы байкалууда. Менин жеке оюмча, бул өлкөбүздөгү болуп аткан саясый кырдалга өтө чоң таасир көрсөтө албайт. Баардыгы эле өздөрүнүн айыл аймактарына барып, ошол жердеги түзүлүп жаткан кырдаалга жараша ой пикирге кошулуп кетишет.
Асылбек Жооданбеков, “Зет мууну” ЖЧК компаниясынын директору:
-- Жыл башында чукул келген апаат дүйнө жүзүндөгү баардык өлкөлөрдө иштин токтошу, солгундашына алып келди. Анын кесепети биздин чет өлкөдө нан таап, ошол эле учурда биздин мамлекеттин экономикасына кайсы бир деңгээлде салымын кошуп келген мигранттар өз мекенине кайтты. Алардын дээрлик көпчүлүгү жаш, жигердүү, иштин көзүн билип калган адамдар. Жакынкы арада туруктуу жумушу барлар кайтышы мүмкүн. Ал эми кайтууга мүмкүнчүлүктөрү жоктор күзгү шайлоого колдорунан келишинче активдүү катышууга жан үрөшөт. Тилекке каршы, кыргыз өкмөтү бечел өкмөт экени баарыбызга белгилүү. Жок дегенде келген мигранттарга жумуш таап берүү, караштыруу жагын ойлоштурган жок. Аларга жеңилдетилген насыя берип, ушул эле Кыргызстанда ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзүп беришсе болмок. Ушундан улам күзгү парламенттик шайлоо шарданына жандуу катышып, буга чейинки терс көрүнүштөр үчүн саясый боёк сүртүп коюшу ыктымал. Алардын таасири болбой койбойт.
Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер:
-- Кыргызстанда ансыз да жумушсуздук аты жаман оорунун таасири менен мурдагыдан да көбөйдү. Жеке менчик тармактардын көбү жумуш орундарын кыскартышты. Эми ага мигранттар келип кошулууда. 30 миң чек эмес, дагы көбөйүшү мүмкүн. Мамлекеттик бийлик үчүн бул өтө коркунучтуу жагдай. Жумушсуздуктун айынан кылмыштуулук өсөт. Шайлоо мезгилинде митингдер көбөйөт. Бийлик жумушчу орун түзүүнү ойлонушу керек. Бир катар башталбай турган долбоорлор бар. Ошолорду ишке киргизүү керек деп ойлойм. Маселен, кыргыз-кытай темир жолунун курулушу, Ысык-Көлдү айланган жол курулушу, логистикалык борборлор сыяктуу. Жумушсуздук – бул ачкачылык. Ачка адам баарына барат.
Асылбек Ражиев, экономикалык эксперт:
-- Мигранттардын бул жакка келгендери 30 миңди чапчыды. Учурда пандемия менен алпурушуп, ден соолук менен күрөшүп, саясатты экинчи планга коюшту. Булар саясый кырдаалга караганда, өлкөнүн экономика жагына катуу таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Бул жаатта жоготуулар болуп атканы байкалууда. Биринчиден, биздин мигранттар чет жерден акча таап Кыргызстанга жөнөтүшчү, алар келбей калды. Экинчиден, бизде буга чейин эле жумушсуздук бар болчу. Алардын “армиясын” эки-үч эсеге көбөйттү. Күзүндө парламенттик шайлоодо кайсы бир партияга ыкташып, өлкөнүн саясый кырдаалын курчутуп, шайлоо шарданына гана катуу таасирин тийгизсе керек. Эми ага чейин да убакыт бар. Чет өлкөдө туруктуу жумушу барлар кайрадан кайтса керек...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити