Шайлоо шаңыбы? “Винегреттей” эле аралашкан аксакал-көксакалдар...


Кечээ “Дасмия” ресторанында бийликти колдогон аксакал-көксакалдар чогулушуп, чай ичишип, сый көрүшкөнү кабарланды. Алар: Миталип Мамытов, Медетбек Букуев, Алмамбет Матубраимов, Аскар Салымбеков, Улугбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев, Ибрагим Жунусов, Турсунбай Бакир уулу, Алтынбек Сулайманов, Курсан Асанов, Жаныбек Кубандыков, Сулайман Кайыпов, Садырбек Дубанаев, Айнура Алтыбаева, Каныбек Иманалиев, Абдырейим Кулбаев, Дөөлөтбек Шадыбеков, Шамшыбек Медетбеков, Арапбай Төлөнов, Дүйшө Кудаяров, Асан Жакшылыков, Турдукожо Муканбетов, Карганбек Самаков ж.б.
Иш-чаранын уюштуруучусу Осмон Сурапбаев...
Эң кызыгы, бул жерге чогулгандар түрдүү көз караштагы саясатчылар, карама-каршы мүнөздөгү коомдук ишмерлер экени талашсыз. Соңку кезде аксакалдар чогулса эле чочулап калбадыкпы. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, жаңы “75чилер” эми чыкпаса керек... Айтмакчы, “Дасмияга” чогулгандардын арасында “кускандар”, камалгандар, кызматтан куулгандар, суракта жүргөндөр да бар экен. Айтор, “винегреттей” эле аралашып калышыптыр. Натыйжада, мындай жыйындарды, сый тамактарды шайлоого чейин далай ирет уюштурушса керек. Баягы, баягы-ы “дүжүрлөрдүн” күнү тууйбу? Шайлоо шаңы башталды окшойт...













