Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Азык-түлүк запасын топтоп, даярданып турбасак, чоң коркунуч келиши мүмкүн”

“Азык-түлүк запасын топтоп, даярданып турбасак, чоң коркунуч келиши мүмкүн”

15-июль, 19:30
486 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Россияга болгон санкцияларга байланыштуу күзгү азык-түлүк коопсуздугу элди кооптондурууда. Кандай абал күтүлүшү мүмкүн?

Абдубахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты:

-- Азыр дүйнө жүзү боюнча акыбал ушундай болуп турат. “Азык-түлүк кымбаттайт экен” деген коркунучтар болуп, баа көтөрүлүп жатат. Буга ошол эле Россия–Украина согушу себепкер. Албетте, анын таасири бизге дагы тийүүдө. Ошондуктан көп нерсенин алдын алыш керек. Жазда эле өкмөт өзүбүздүн фермерлерге керектүү азык-түлүктү өндүрүүгө шарт түзүп бериши керек болчу. Азыр деле материалдык запас кылып, резервдик фонд менен бирге эң биринчи керектүү азыктан топтоп алуу зарыл. Ушинтип даярданып турбасак, чоң коркунуч келиши да мүмкүн... 

Кубан Чороев, экономика боюнча серепчи:

-- Албетте, Кыргызстанда эчен жолу кризистер болуп өттү. Азыркы күндө эл өз камын алдын ала көргөнү жакшы нерсе. Ошондой болсо дагы өтө эле кооптонууга негиз жок. Анткени баардыгы өз ордунда эле баратат. Кризис терс маселелерди жаратышы мүмкүн, бирок менин оюмча, биз пандемия убагынан өттүк. Өтө эле кооптонуп, айрыкча азык-түлүк маселесинде дүрбөлөң жаратуу туура эмес. Себеби, бизде жетиштүү эле түрдө азыктар өндүрүлүүдө. Россия деле мурдагы калыбында токтоп калган жок, өндүрүшү жүрүп жатат.  

Рустам Жунушов, “Тегирменчилер ассоциациясынын президенти:

-- Мен башка азык-түлүк боюнча болбосо да ун боюнча айтсам. Буудай түшүмүн алуу убактысы жакындап калды. Россия менен келишимдерди түзүп, буудай келе жатат. Буга чейин март айынан баштап Россиядан буудай алууга тыюу салынып калган. Биз комбинаттардагы өз запастарыбыз менен иштеп жаттык. 1-июлдан тартып тыюу салынган токтом жокко чыгарылды. Түзүлгөн келишимдер аркылуу Россиядан бизге буудай келет. Өзүбүздө өстүрүлгөн буудай түшүмү 30-40% керектөөлөрүбүздү жабат. Казакстандын буудайынын баасы жогору болууда, ошон үчүн Россияны күтүп турдук. Ал эми тегирмендер биринчи сорт унду 38 сомдон сатып жатат. Россиядан келчү буудайга рублдин курсу менен келишим түзүлдү, баасы курсуна жараша болот. Рублдин курсу төмөн болсо, буудай баасы да төмөн баада келет. Өзүңүздөр билгендей, дүйнө жүзүндө кризис болууда. Кошуна Өзбекстан, Тажикстанда ундун баасы 45-47 сомдон. Бизге салыштырмалуу жогорураак. Жаңы буудайга дагы ушул эле бааны сактап турууга аракет кылабыз. 

“Таптакыр ун жок калат” деген коркунуч жок. Балким, азыраак кымбатташы мүмкүн. Ал эми башка азык-түлүктөргө, мисалы, өсүмдүк майы, шекерге салыштырмалуу ундун баасы кескин жогорулаган жок. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер