Тууну өзгөрткүсү келген Шакиев менен Примовго көпчүлүк түкүрүндү

Билим, интеллект, тажрыйба жетишпесе, жогорку кызматты аркалоо кыяматтай эле кабылданат тура. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин алып баруучу катары сүйлөгөнү гана болбосо, көтөргөн маселеси, дээрлик демилгелери коомчулук тарабынан сындалып келет. Мамлекеттик тууну өзгөртүүнү өзүнө окшогон депутат Улан Примов менен көтөрүп чыкты. Аранын учундай, же тикенектей болгон күн нурларын долбоор катары чүргөшүптүр. Эч жараксыз, мындайча айтканда, былжырбайлык. Кыргыз туусунун азыркы көрүнүшү эле көзгө толумдуу. Толкундуу түс берип, эстетикасы да бар. Аныгында, көпчүлүк катмар тарабынан Шакиев менен Примовго сын пикирлер, сөгүштөр арбын айтылды. Даяр нерсени бузгандан көрө, жаратмандык иштер менен алек болушпайбы? Тилекке каршы, андайга акыл-эстери, дараметтери жетишпесе кантишсин? Уят, ушундай эл өкүлдөрүн көргөндөр түкүрүнүп атышканы да чындык!
"Азия Ньюс" гезити