Акыркы кабарлар
» Саясат » Октябрь Урмамбетов ИИМдин “Бериясыбы”?
Октябрь Урмамбетов ИИМдин “Бериясыбы”?
05-октябрь, 18:14


Негизи Октябрь Урмамбетов кыйын киши экен. Советтик системада кызмат кылса, бул Бериядай эле таасир жаратмак беле? Азыр деле ИИМди каалагандай калчап атат. Мисалы, Октябрь Жолдошовичке жакпай калган ШИИББ, ОИИБ, РИИБ же башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктери болбосун, эгерде алар нааразы кылышса, сөгүш алышат, кызматтарынан ылдыйлашат, анан жумуштарынан кетишет. Жалпысынан алганда ушундай. Из кууп, артынан түшөбү? Буга да талант керек го... Кимдердин “түбүнө жеткенин” санабай эле коёлу... Айтор, өсө турган кадрлар генерал-майор Октябрь Урмамбетовдун алдынан өтүшү керекпи? Таңгалычтуу...
Кыскасы, ИИМ жетекчилиги айкөлдүк кылып, орун басарына ашыкча мүмкүнчүлүктөрдү берип койгон жокпу?











