Жапырт мушташка жол берген Акылбек Бекишовго баа бериш керек


Айрыкча сезон учурунда Ысык-Көл районуна элдин назары бурулат эмеспи. Коопсуздук, тартип маселеси биринчи орунда каралат. Туристтер, эс алуучуларга жагымдуу шарт түзүү жергиликтүү бийликтин милдети. Тилекке каршы, жакында көл жээгинен жапырт мушташ чыгып, байкоочулар видеого тартып алышып, ал көрүнүш инттернет аркылуу желдей тарады. Мындай катачылыктар орун албаш керек эле. Милиция коопсуздук, тартип маселесин дыкат карап, алдын ала профилактикалык иштердүү жүргүзүүсү шарт. Иш жүзүндө Ысык-Көл РИИБ начальниги Акылбек Бекишов натыйжалуу иштей албай, алешемдиктерге жол берип жатканы байкалууда. Мушташ, уурулук, зордук-зомбулуктарды, ар түрдүү оор кылмыштарды ачыктабай жатабы? Тирукмуш окуялар айтылып атса, аларды жаап-жашырабы? Кылмыштуулукка каршы алдын ала иштеп, чын ниеттен мамлекетке кызмат кылбайбы? Мындайда “кычкыл сууну” азайтыш керек го? Айтор, суроолор арбын, жообу жок. Кулак-мурун кескендей... Баса, Акылбек Бекишов аталган кызматка өз күчү менен эмес, ИИМ орун басары Октябрь Урмамбетовдун сүрөөнү менен жетип отурса, анан жасалма кадр жарытмак беле? Баа бериш керек. “Өзүбүздүн кадр” деп эле калкалай бербей...
"Азия Ньюс" гезити











