“Рух Ордо” – Ташкул акенин ааламдык чабыты


Ал жердеги кооздуктар дүйнө кезген кезеңи...
Айтылуу Ташкул Керексизов убагында “Рух Ордону” куруп кеткени чоң олжо болуптур. Бүгүнкү күнгө чейин туристтер агылышып, суктанып көрүп жатышат. Анан калса, мамлекеттик жана эл аралык иш-чаралар да өтүүдө. Ысык-Көлдөгү көзгө басар конок тосо турган жерибиз – “Рух Ордо” эмеспи. Мындай маданий, руханий комплексти Ташкул аке өзүнүн ааламдык чабытына жараша жасаган тура. Курулганына жыйырма жылдан ашык убакыт өтсө да, сынын, сырын дагы жоготкон жок. Андан бери көз кубанткан башка философиялык курулуштарды көрө элекпиз...
Каарманыбыз кыргыздын уюткусу – “Манас”, бозүй, комуз ж.б. улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоого, жаңыртууга басым жасап келген. Кеменгер эле. Салттын жакшысын, нарктын нагызын ылгап айтчу...
Албетте, Ташкул Керексизовдун артында калган эмгектери арбын. Ал жагын изилдеп, өнүктүрүп, даңктаса да жарашат. Бул эми тирүүлөрдүн вазыйпасы...
Асланбек Сартбаев











