18 жашымда очогум бузулду. Алдандым...
Ошол күнү экөөбүз аябай уруштук.
-- Бар кет! Ажырашабыз! - дедиң.
Анын туугандары келди, менин туугандарым да келди, үйдө ызы-чуу.
-- Ушундай жаш кызды алып, тагдырын талкалап коёсуңбу? Жакшынакай жаша! - деп анын туугандары урушуп жатышты. Эч кимдин сөзүн укпай, Бека ошол жерден мага талак берип салды. Мындайды күтпөгөн жаным ушунчалык жаман абалда турдум. Жөн гана өлгүм келди. Ата-энем дагы “кызыбызды силерге кор кылбайбыз, болду токтоткула алып кетебиз. Кызым бул үйгө экинчи басып келбейт. Өзүңөр өкүнөсүңөр!” деп мени алып кетүүгө камданып калышты.
Ошентип мен өзүмдүн буюмдарымды, кийимдеримди, жакшы тилек менен келген себимди жыйнаштырып, жолго чыктык. Биз алты ай эле жашап ушинтип ажырашып кеттик. Мен болгону 18 жашка араң толгом. Ата-энемдин сөзүн укпай, Беканын колун кармап кеткем. Мына эми мен сүйгөн, ишенген Беканын кылганы. Чатагыбыз үй-бүлөлүү болуп туруп, башка кыздар менен мамиле курганынан чыкпадыбы.
Ажырашкандан кийин эл, жакын туугандарыбыз ар кандай сөздөрдү айтып жатышты. Жашоонун кызыгы жоголуп, аябай жаман болуп жүрдүм. Бир жарым айдай окууга да барбай, эч жакка чыкпай, үйдө жинди болгон немедей болуп сулк жата бердим. Ата-энем молдолорго алып барып, дем салдырышты. Анда да өзүмө келе албай жүрдүм.
Акыры бир күнү ойлонуп, өзүмчө чечим чыгардым. Өзүмдү колго алып, окуумду жакшы окуп, жасанып-түздөнүп, жаңыча жашоо баштайын (!) дедим. Ичимден жандүйнөм бырчаланып, сынган чыныдай эки бөлүнүп, бүтөлө албай жүрөгүм ооруп турса да, калп күлүп, калп жылмайып, бактылуудай жашай баштадым. Мен үчүн ажырашуу абдан эле оор болду. Нике, үй-бүлө деген турмушуңдагы эң маанилүү нерсе экенин эже-сиңдилерим, унутпагыла. Жигиттерге алданбагыла. Жети өлчөп, бир кесип, өз теңиңерди тапкыла. Мен болсо жашоомдун жаңы барагын ачтым...
Бермет Асанбекова
Aryba.kg