Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Апам каза болгонуна алты ай боло электе атам аял издеп жүрөт

Апам каза болгонуна алты ай боло электе атам аял издеп жүрөт

18-ноябрь, 11:57
4 604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Апамдан айрылып калганыма алигүнчө ишене албай, келип калчудай бир күтүү   сезими дайыма жүрөгүмдө турат. Жок дегенде түшүмө кирсе экен деп жатаарда Кудайдан тиленем. Апам барда жашообуз таптакыр башкача эле. Эми баары супсактай, муздактай, үйдөн тамак да ичким келбей чыйрыгам. Апам болгону 48 жашка толгон. Үйдөгү иштин баарын жөндөп, жайгарып, ал барда кут чачылып, берекелүү, бактылуу үй-бүлө элек. Апам кокусунан жол кырсыгынан каза болгондо, атам дагы токтоно албай аябай боздоп ыйлаган. Эми арадан алты ай өтпөй, үйгө келген-кеткен кишилерге айтып, аял издей баштады. Атамдын бул кылыгынан соң жек көрө баштадым. Москвада иштеп жаткан агама айтып, аябай ыйладым. Мен мындайды көтөрө албайм. Алыс жакка иштеп кетким келет. Бирок “жаңы эле 18ге толдуң” деп атам менен агам каршы. Мага азыр жашоо кызыксыз...

Айдина

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер