Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сталиндин табышмактуу өлүмү...

Сталиндин табышмактуу өлүмү...

22-май, 00:22
1 543 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тарыхчылардын айтымында, жолбашчы мындай тапшырманы буга чейин эч качан берген эмес. Бирок, өлөрдүн алдында эмнегедир табышмактуу иш жасаган. Ушул сырдуу иштен улам кээ бир изилдөөчүлөр анын өлүмүнө жансакчылардын биринин тийешеси бар болушу мүмкүн (!) деген божомолду айтып жүрүшөт. 

Өмүрүнүн акыркы 20 жылында Сталин Кремлден алыс эмес жердеги жакынкы дачада жашаган. Бирок, бул жерде жолбашчынын коопсуздугу  Кремлдеги кабинетиндегидей эле камсыз кылынчу. “Нагыз партиялык киши өлтүрүү” деп аталган китептин автору Алексей Пимановдин жазганына караганда, үйдөгү ар бир эшикке атайын датчик орнотулуп, бөлмөлөрдүн бирине жайгашкан пульт аркылуу күзөтчүлөр Сталиндин ар бир кадамына көз салып турушчу. Күзөтчүлөрдүн эч бири ал өзү чакырмайынча Сталиндин алдына кире алышчу эмес. Бирок бул – жолбашчы күзөтчүлөргө карата кайдыгер мамиле жасачу дегенди билдирбейт. Юрий Мухин өзүнүн “Сталинди жана Берияны өлтүргөндөр” аттуу китебинде Кавказда болгон бир окуяны баяндайт. 

Бир жолу күзөтчүлөрдүн бири жумуш көп, ал эми күзөтчүлөр аз болгондугунан улам чарчап, постто уктап калат. Иосиф Виссарионович бул тууралуу угар замат күзөтчүлөрдүн санын көбөйтүүгө буйрук берет. Ал постто уктаганды эң коркунучтуу, кечиримсиз жорук катары эсептечү. Кээде төшөгүнө жатканы баратып, алдынан оро-пара чыккан күзөтчүдөн “уйкуң келген жокпу?” деп сурачу. 

Мына ушундан улам анын акыркы буйругу чындыгында эле шектүү туюлат. Дачанын коменданты Петр Лозгачевдин эскергенине караганда, Сталин өлөрдөн бир күн мурда жакынкы дачага Георгий Маленков, Лаврентий Берия, Никита Хрущев, Николай Булганин келип кетишкен. Үйдө Лозгачевден башка  күзөтчүлөр Хрусталёв, Туков, ошондой эле кастелянша Матрена Бутусова болгон. Лозгачевдин айтымында, Сталин көңүлү аябай куунак, конокторуна улам вино куюп берип отурган.  

Меймандар таңга жуук кетишет. Аларды узатып чыккан Сталин улук күзөтчү  Хрусталёвго “Барып уктагыла. Мен да барып жатам. Бүгүн мага силердин керегиңер жок” деп айтат. Лозгачевдин айтымында, ал буга чейин дегеле   күзөтчүлөргө “уктагыла” деп айтчу эмес экен. Сталиндин буйругу таңкалычтуу болгонуна карабастан, Лозгачев, Бутусов, Хрусталёв, Туков эс алганы кетишет. Натыйжада, дача дээрлик бир нече саат бою күзөтсүз калат. Күзөтчүлөр эртең мененки саат ондо, Хрусталёвдун нөөмөт ордуна Старостин келгенде гана  ойгонушат. 

Жолбашчынын тынчын албаш үчүн, анан калса өзү чакырмайынча “киргенге болбойт” деген эрежеден улам Старостин да, Туков менен Лозгачев да кечке чейин анын алдына киргенге даай алышпайт. Кечке жуук ичкериден эч шыбырт болбогунан улам тынчсызданып кирип барышса, Сталин полдо эс-учун билбей жаткан экен. Мына ушул жагдайдан улам “жолбашчы ууланып өлтүрүлгөн болушу ыктымал” деген версия айтылып келатат. Сталиндин күзөтчүлөргө “барып уктагыла” деп айтканы чындап эле шектүү. Владимир Суходеев өзүнүн “Сталин” аттуу энциклопедиясында жазганына караганда, Иосиф Виссарионович “уктагыла” деген сөздү Иван Хрусталёвго гана айтыптыр, өз кезегинде ал бул буйрукту башка күзөтчүлөргө жетирген. Башкача айтканда, “уктагыла” деген сөздү Сталиндин оозунан Хрусталёвдон башка эч ким уккан эмес. Дал ушул жагдайдан улам кээ бир изилдөөчүлөр, мисалы, “Сталиндин өлтүрүлүшү” китебинин автору Иван Костин “Сталин “уктагыла” деп айткан эмес, муну Хрусталёв өзү ойдон чыгарган” деп божомолдоп жүрөт. Костиндин пикири боюнча, Хрусталёв Лаврентий Бериянын буйругу менен минерал суу куюлган бөтөлкөгө уу кошуп койгон. Эртеси ал бөтөлкө Сталин кулап жаткан жерден табылган. 

Бул версияга ишене турган дагы бир жагдай бар. Бир жылдан кийин,1954-жылы Хрусталёв өзү да табышмакту түрдө көз жумат. Ал жаш, ден соолугу чың жигит болчу. Эмне оорудан өлгөнү азыркыга чейин белгисиз. 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер