Сарымсактуу сүт – жүздөгөн оорулардан сакайтуучу байыркы дары


Көптөн бери белгилүү болгондой, сарымсак – бул табигый антибиотик, бир гана жагымсыз жыты үчүн күнүгө колдонгубуз келбейт. Балким, ушул үчүн сарымсакты сүткө салып бышырууну ойлоп табышкандыр. Жыйынтыгында, эң сонун, эң пайдалуу, жагымсыз жыты жок дарыны алышкан.
Сарымсак менен сүттүн пайдалуу жактары: холестерин көрсөткүчүн азайтат, жүрөк кан тамырлардын иштешин жашыртат.
Бул суусундук боор ооруга дагы пайдалуу, анткени, сарымсактын курамында көп көлөмдө күкүрт бар. Күкүрт боорду тазалоочу касиетке ээ. Суук тийүүнү азайтат жана артрит ооруларында ооруну басат. Сарымсак нерв системасынын иштешин жакшыртат, уйкусуздуктан арылтат. Сарымсактуу сүткө куркума кошсоңуз, какырыкты чыгаруучу эң сонун дары болот.
Сарымсактуу сүттү кантип даярдоого болот?
сүт – 500 мл;
сарымсак – 10 тишче;
кант – 2 чай кашык;
суу – 250 мл.
Даярдоо ыкмасы: сарымсакты тазалап, майдалоо керек. Суу менен сүттү аралаштырып, отко коюп коюңуз. Кайнагандан кийин сарымсакты салып, отту азайтыңыз. Аралашманы аралаштырып, кантты кошуп, 10 мүнөт кайнатыңыз. Бул кайнатманы күнүнө эки жолу ичиңиз. Сүт менен сарымсактын пайдалуу жактары көп болгону менен кээ бир ооруларда колдонбоого туура келет. Мисалы, кант диабетинде, ичеги-карын ооруларында, кан басымдын төмөндөшүндө колдонбоо керек жана ошондой эле эмчекте баласы бар аялдар дагы ичпеш керек.










