Мээрбек Мискенбаев: “Сооронбай Жээнбековду көрүнөн казып алып, сурак кылып соттогонго кудуретибиз жетет”
-- Мээрбек иним, Кой-Таш окуясы боюнча соттук иштер кайсы жерге келди?
-- Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш бир аз тыныгуудан кийин бүгүн (20-июль) башталмак. Бирок, жабырлануучу тараптар жок болгонго байланыштуу кайрадан жылдырылды. Бул сот аягына чыкпайт. Анткени, Кой-Таш окуясы бир тараптуу тергелип калган. Эгер бул соттун аягына чыгалы дей турган болсо, анда ошол эле Сооронбай Жээнбеков, Кашкар Жунушалиев, Өткүрбек Жамшитов, Алмамбет Салиев, Орозбек Опумбаевдердин баарын сотко чакырып, кайрадан адилеттүү тергөө кылуу кажет. Буга чейин соттук териштирүү үч жылга созулду, эми бери дегенде дагы үч жыл созула турган болуп калды.
-- Эмнеге антип айтып атасың?
-- Бул окуяда негизги жабырлануучулар Кой-Таш, Арашан жана үстүңкү айылдардын элдери болуп, эки миңден кем эмес адамдар бар. А бу жерде тескерисинче, ошо кездеги карапайым элге курал колдонгон ИИМдин кызматкерлери болуп атат да, “таяк жедим, башыма таш тийди” демиш болуп. Бир спецназ өлгөнүн баарыбыз билебиз, жумурай журт билет. Аны өздөрү провокация кылып, өздөрү атып өлтүрүп, аны бизге шылтап, айтор, Жээнбековдун бийлиги курулай жалаа жабышкан. Бир сөз менен айтканда, Кой-Таш окуясына Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү, ал башында турат. Андан көрө убакытты созбой, канчалык эрте түрмөгө отурса, ошончолук эрте чыгат. Баары бир анын орду түрмөдө.
-- Жээнбеков демекчи, а кишиден кабарың барбы?
-- Биз “Дубайга кеткен, келе элек” деп угуп атабыз, чын-төгүнүн билбейм. Анткен менен Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга батпай калды. Келген күндө деле биз аны тынч жашатпайбыз. Эртели-кеч жазага тартабыз. Экс-президент деген макамын алган күндө да элге чыга албайт, аш-тойго бара албайт. Мындайча айтканда, тирүүнүн өлүгү болуп калды. Мындан өткөн жаза жок. Жууса кеткис күнөөлөрү толтура. Алсак, ошол эле Октябрь окуясында Үмүт аттуу бала өлүп, миңдеген жарандар жарадар болушту, анын басымдуу бөлүгү майып болуп калды. Ковидге келген миллиондогон акчаларды “кымырып” алды. Сооронбай Жээнбеков бу дүйнөдөн өтүп кеткен күндө да көрүнөн казып алып, сурак кылып соттогонго кудуретибиз жетет. Азыркы бийликтин калкалоосу ага жардам бербейт, сактай албайт!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити