Акыркы кабарлар
» Саясат » Исхак Масалиевге бара-бара депутаттар да ооп кетиши ыктымалбы?
Исхак Масалиевге бара-бара депутаттар да ооп кетиши ыктымалбы?
21-ноябрь, 22:17


Талапкерлер ичинен Исхак Масалиевдин орду өзгөчө көрүнө баштады. Айрыкча Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Суваналиев колдоого алышкандан бери башка саясый күчтөр да кызыгышууда. Көмүскөдөн талкуулашып, козуп эле жатышат. Интеллигенция жааты да жылуу маанайда экен... Айтмакчы, айрым депутаттар тымызын өз ара масилеттешип, шайлоодо Исхак Масалиевге көпчүлүк катмардын буруларын айтып жатышса, кызык го? “Жандооч кийик аттырат” дегендей, Мадумаров менен Суваналиевдин сүрөп чыгышканы -- алакандай кыргыздын ичин азан-казанга бөлөп салды окшойт. Натыйжада, бийликчил депутаттар да мезгилине жараша ооп кетишпейби?..











