Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баасы жүз сомго жеткен сабиз тууралуу кызыктуу фактылар

Баасы жүз сомго жеткен сабиз тууралуу кызыктуу фактылар

15-июнь, 18:22
2 245 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сабиз – белгилүү жашылчалардын бири. Адамзат аны кеминде төрт миң жылдан бери өстүрүп келе жатат жана кылымдар бою бул өсүмдүктүн көптөгөн түрлөрү өстүрүлүп келет. Интернет булактарындагы маалыматтар боюнча, сабиз алгач Ооганстанда белгилүү болгон. Ал жерде анын ар кандай түрлөрү дагы деле өсөт. Алгач сабизди уруктары жана жалбырактары үчүн гана өстүрүшкөнүн билдиңиз беле? Төмөндө бир нече кызыктуу фактыларды келтиребиз.

Сабиз дайыма кызгылт-сары түстө болгон эмес

Илгерки адам ачкан биринчи сабиз кызгылт-көк түстө болгон. Алар аны жыпар жыттуу уруктары менен жалбырактарынан улам өстүрө башташкан. Анткени өсүмдүктүн өзү ачуу болгондуктан жей алышчу эмес. Убакыттын өтүшү менен алар ачуу болбой калган. Кийинчерээк сабиздин кызыл, сары жана ак түстөгү түрлөрү пайда болгон. Ал XVII кылымда гана кызгылт-сары түстө болуп калган.

Сабиз караңгыда көрүүнү жакшыртабы?

Сабиздин караңгыда көрүүнү жакшырта тургандыгы жөнүндөгү кептер экинчи дүйнөлүк согуш учурунда пайда болгон. Британ армиясы душмандын учактарын табуунун жаңы технологияларын жакшыртуу максатында “учкучтар сабизди көп жешет, ошондуктан алар түнкүсүн дагы, күндүз дагы жакшы көрө алышат” деген жүйө келтиришчү. Сабиздин курамындагы А витамини чындыгында көздүн торчосун бекемдейт, бирок караңгыда көрүү жөндөмүнө таасир этпейт.

Кореялык эмес корей салаты

Корейлердин сабиз салаты Кореяда ойлоп табылган эмес, сабиз ал жерде сейрек кездешет. Бул тамак СССРде ойлоп табылган. Анын негизи катары салттуу корей тамагы кимчи – туздалган капуста болгон. Бирок СССРдеги рецепт боюнча талап кылынган Пекин капустасын алуу кыйын болгондуктан, салатка сабиз кошулган. Убакыттын өтүшү менен сабиз капустаны толугу менен алмаштырып, сарымсак кошулган сабиз гана калган.

Сабиз шаары

АКШнын Калифорния штатындагы Холтвиль шаарчасында жыл сайын сабиз фестивалы өтөт. Февраль айында бир апта бою шаардын айланасында сабиз менен кооздолгон аянтчалардын параддары өтөт. Жарандар сабизден эң мыкты тамак жасоо боюнча мелдешке катыша алышат же профессионалдардын кулинардык дуэлин көрө алышат. Мындан тышкары, бул жерде спорттук шаймандардын ордуна сабиз колдонулган мелдештер жана башка көптөгөн мелдештер өткөрүлөт.

Же тамеки, же сабиз

Акыркы илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, тамеки чеккендер жана тоо-кен өнөр жай ишканаларында иштегендер сабиз жегенде өтө этият болушу керек. Окумуштуулар бул топтогу адамдардан сабиздин керектелиши менен өпкө рагынын өнүгүшүнүн ортосундагы байланышты табышты. Кызыгы, тамеки чекпегендер үчүн сабиз жегени, тескерисинче, шишик, анын ичинде өпкө рагынан сактайт.

Сабиз – жемиш

1991-жылдан бери Европа өлкөлөрүндө сабиз жемиш катары таанылган. Бул европалыктар өзгөртпөй, жөн гана айланып өтүүнү чечкен мыйзамга байланыштуу. Португалия даамдуу сабиз кыямын чыгарат, аны Европанын бардык өлкөлөрүнө экспорттошот жана Европанын мыйзамдарына ылайык, кыям жемиштерден гана даярдалат. Демек, Европада азыр сабиз жемиш болуп калды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер