“Улуу Жеңиш майрамына “маймылдар” гана каршы чыгышат”

-- Улуу Жеңиш майрамына каршы чыгып, аны жектегендерди кандайча түшүнөбүз? Мамлекет тарабынан бул күн даңазаланып, баркталышы керек эмеспи? Мекенибизди коргогон баатыр аталарыбызды унутка калтырабызбы?..
Эмил Жороев, саясат талдоочу:
-- Бу жерде эки тараптын тең жүйөсү бар. Жеңиш майрамына каршы чыккандар өз позицияларын коомчулукка даана жана так түшүндүрө албай атышат же көпчүлүк булардын ой-максаттарын аңдай албай аткан өңдүү. Менимче, каршы чыгып аткандар Жеңиш майрамын ашкере, эки жактуу бөлүп-жарган идеологиялык маанайда колдонуп калгандыктарына келишпестик кылышса керек. Негизинен Москва тараптын геосаясый кызыкчылыктары бар эмеспи, бир жактарга атаандашуу, экинчи тарапка каршы дегендей. Анан жыл сайын 9-май күнү Москва шаарынын айтылуу Кызыл аянтына парад кылып, адамзатка таасир бере турган аскер техникаларын көргөзүп атканы “дүйнөгө тынчтык өкүм сүрсүн” дегендин ордуна кыр көргөзүү, сүрдөнтүү аракети катары бааланып атат.
Ал эми олуттуу өңүтүнөн караганда, Улуу Жеңиш майрамы, анын адамзатка калтырган тарых-таржымалы, канчалаган өмүрлөр кыйылганы, дээрлик азап-тозокту ошо кездеги биздин аталарыбыз баштан кечиргени, ар бир таштаган кадамдары ташка тамга баскандай унутта калбашы керек. Болгону, Улуу Жеңиш майрамын башка жакка бурмалоо ишараты болбоого тийиш.
Эсенбай Нурушев, публицист:
-- Азыркы замандагы атактуу психиатрлардын бири Касильда Жетанын бир сөзү бар: “Адам маймылдан тараган деген кептердин баарын унуткула. Андай эмес. Биз маймылдын нак өзүбүз. Метафора маанисинде да, факт жүзүндө да ушундай”.
Ошондой “маймылдар” азыр абдан көбөйүп кетти. Алар көлчүктөгү бакадай эмне деп бакылдашпасын, 9-май улуу күн, таасирдүү майрам катары маанисин сактап калат. Мага, мисалы, бул күн Сталинграддагы кыямат-кайымдан соо калган, башка да тозокторду баштан өткөрүп, акыры Праганы бошотконго катышып, 1945-жылы күзүндө алты саны аман-эсен айылга кайтып келген атамдын жеңишин даңктаган дата. Ошондой эле согушка кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган абаларым – атамдын бир тууган эки агасын эстете турган ирмем!
Мындай тарых кыргыздын ар бир үй-бүлөсүнөн чыгат болуш керек. Демек, бул күн кыргыз үчүн да ыйык. Ушул учурдагы парадга, менимче, европалык нацистердин, эски совет жергесиндеги дезертирлер менен бозгун-тозгундардын укум-тукумдары гана каршы чыгышпаса, акыл-эси жайында турган бир да киши акаарат келтире алышпасы белгилүү. Андайлар маңкурттардан да жаман макулуктар, жогоруда айткан “маймылдар” десе да болот!
Амирбек Азам уулу Усманов, публицист:
-- Ырас, эрктүү Кыргызстандын совет доорундагы тарыхын бир гана “боёкко боёп”, таразалап карагысы келбеген кээ бирөөлөр бар. Ал ата-бабаларыбыздын тарыхы, алар кандуу майданда жоодон Совет мамлекетин, анын ичинде өз мекенин коргошту. Албетте, мекенди коргогон ата-бабаларыбыз, ошондой эле оорукта күнү-түнү эмгектенген апаларыбыз, жалпы элибиз унутулбашы керек.
Согушка 360 миңден көп кыргызстандык кеткен, анын ичинен 100 миңге жакыны курман болгон. Эмгек фронтуна чакырылгандар да бар. Алардын каармандыгын унутуу – өлкө тарыхын, элибиз баскан жолду чануу. А жарандарды мекенчилдикке тарбиялоо – мамлекеттин бирден-бир максаты жана милдети.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити