Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алмаз САЗБАКОВ, экономика министринин орун басары: “Биздеги машиналардын баасы өтө деле көтөрүлбөйт”

Алмаз САЗБАКОВ, экономика министринин орун басары: “Биздеги машиналардын баасы өтө деле көтөрүлбөйт”

28-ноябрь, 01:38
789 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнүп, бирок союздаштар аны канааттандырбай коюшту. “Эми мындан аркы абал кандай болор экен?” деп чочулагандар көбөйдү...

-- Мындан ары жаңы бирдик тарифи кирет. ЕАЭБдин унааларга болгон бирдик тарифи киргизилет. Жети жылдан мурунураак чыгарылган эски автоунаалар кымбаттайт. Жети жылдан бери жагында чыгарылган автоунааларга азыраак гана акча кошулат. “Жаңы тариф менен жаңы чыгарылган автоунаалар киргизилсин” деген талап болууда. Бизде коомчулукта “Арменияда арзан, алар жакшы сүйлөшүүгө барышкан” деген кептерди айтышат. Аларга деле эч кандай жеңилдетүүлөр боло элек. Алардыкы деле биздикиндей эле. Армениянын кошумча нарк салыгы 20%ды түзөт. Ал эми биздики 12% эле. Ошондуктан, Арменияда биздикинен дагы кымбатыраак болот. 

-- Автоунаа базарында баа бир топ жогорулады. Ушул бойдон калабы?

-- Ар кандай алып сатуулар болушу мүмкүн. Жалпысынан машиналардын баасы өтө деле көтөрүлбөшү керек. Ал эми базар саясаты, соодасында ар кандай күтүлбөстүктөр орун алып турат. 

-- Унаалар менен бирге 160 товардын да баасы көтөрүлөрү айтылды эле...

-- ЕАЭБдин эмки отурумунда бул маселе каралганы турат. Ошондон кийин бул суроого айкын жооп алсак болот.  

-- ЕАЭБ менен маселе кантип чечилетЭкономика министрлиги аркылуубу?

-- Ал жакта иштеп жаткан чоң делегация бар. Баардык министрликтин өкүлчүлүктөрүнөн куралышкан. Бирок, эң негизги координатор экономика министрлиги болуп эсептелет.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер