Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Инсульт менен инфаркттын алгачкы белгилери кандай болот?

Инсульт менен инфаркттын алгачкы белгилери кандай болот?

22-февраль, 11:50
1 360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жүрөк кан тамыр оорулары менен каза тапкандардын көрсөткүчү биринчи орунда турат. Кандай адамдарда инфаркт же инсульт болуу коркунучу жогору? Бул оорулардын белгилерин кантип билсе болот? 

Инфаркт – жүрөктүн тамырларынын кан менен жабдылышы бузулган учурда курч кармай турган оору. Инсульт – мээнин клеткаларында кан айлануу бузулган кезде келип чыга турган оору. Адам канчалык ооруну алдын алса жана ооруган адамга убагында көмөк берилсе, бейтаптын калыбына келүү, аман калуу көрсөткүчү жогору болмокчу.   

Инфаркт болор адамда төмөнкү белгилер байкалат: 

-- көкүрөктө кысылган оорунун пайда болушу жана сол жак ийиндин, алдыңкы ээктин, акырек тараптын оорушу;

-- көкүрөктө оорлошуунун, кысылуунун пайда болушу; 

-- оорунун пристубу 10-20 мүнөттөн ашык болуп, анан кайра коё бериши;  

-- өлүм коркунчунун пайда болушу;

-- тез алсырап калуу, баштын айлануусу, муздак тер чыгуу, энтигүү;

-- жүрөктүн айланышы, кусуу, ичтин жогорку жагында оорунун пайда болушу мүмкүн; 

-- борбордук нерв системасында бузулуу байкалат: сөз сүйлөй албоо жана акыл-эстин тумандашы;   

Инсульт болор маалда төмөнкү классикалык белгилер байкалат:  

-- беттин бир тарабынын кыймылсыз абалга келиши, адамдын жылмая албай калуусу;

-- кескин түрдө колдун алсыздыгы пайда болот;

-- сөз сүйлөөнүн бузулушу, булдуруктап калуу.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер