Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Уялбай эле аборт жасатып, жашоомду жаңыдан баштагым келет

Уялбай эле аборт жасатып, жашоомду жаңыдан баштагым келет

17-сентябрь, 19:23
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Мен 25 жаштамын, 7 жаштагы уулум бар. Биринчи жолдошум менен ажырашкандан кийин баламды өзүм багып, Малайзияда иштеп жүрдүм. Турмуштун оордугуна карабай, балам үчүн аракет кылып, өз алдынча жашоого көнүп калгам.

     Кийин Кыргызстанга келгенде бир жигит менен таанышып, эки жылдай мамиледе болдук. Ал убакта аны да колдон келишинче колдоп, өзүм камсыздап, карыздарын төлөп жүрдүм. Бирок кош айтышканбыз...

     Убакыт өткөн соң ал: «Эми өзүм иштейм, жоопкерчиликти мойнума алам» деп кайра чакырды. Мен ага ишенип, Кыргызстанга келдим. Көп өтпөй чогуу жашап, нике кыйдырдык. Бирок мен иштебей, үйдө отуруп калгандан кийин анын мамилеси таптакыр өзгөрдү.

     Жети айдан бери мени сабап, кемсинтип келет. Баламды да жактырбайт, аны өз баласындай кабыл албайт. Эң оор жери -- азыр кош бойлуумун. Кош бойлуу экенимди билсе да мени аябай катуу сабап, кан чыгарта урду, муунтту. Анын жоопкерчилик алгысы жок экенин да ачык эле айтып жатат. «Кааласаң аборт кыл» дейт.

     Азыр мен абдан оор чечимдин алдында турам. Уялбай эле аборт кылып, 7 жаштагы баламды алып, бул мамиледен чыгып кетип, жашоомду кайра баштагым келип жатат. Эми дагы бир баланын түйшүгүн жалгыз көтөрүп калуудан чочулайм...

     Мен аны өзгөрөт деп күтүп, дагы убакыт өткөргүм келбейт. Себеби азыркы мамиледе сүйүүдөн да көбүрөөк коркунуч жана зомбулук болуп жатат. Бир жагынан курсактагы баламды ойлойм, экинчи жагынан 7 жаштагы баламдын коопсуздугу санаага салат. Өзүмдүн да келечегимди ойлонушум керек экенин түшүнүп турам.

     Эмне кылсам туура болот? Ушундай мамиледен чыгып, балам менен өз алдынча жашоону кайра баштаганым туурабы? Мындай абалга туш болгон аялдар, силер эмне кылмаксыңар?

                                                             Лира
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер