Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил Осмонбетов: “Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү мамлекет”

Эдил Осмонбетов: “Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү мамлекет”

11-июнь, 01:39
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент Садыр Жапаров делегациясы менен Түркияга аттанып кетти. Кандай жыйынтыктарды күтүүдөсүз?

 -- Кыргызстан үчүн Түркия маанилүү мамлекет. Аябай чоң транзиттер, туристтер агылган өлкө. Экинчиден, үч күн расмий сапар болуп жатат. Расмий сапар болгон соң сөз жок саясый жыйынтыктар болушу керек. Келишимдер түзүлүшү шарт. Келишимдерде инвестиция бөлүнүп, грантпы, же чоң кредит береби, айтор, өлкөбүз учурда колдоого муктаж. Ошондо жакшы жыйынтыктар болот. 

-- Түркия менен мамилебиз дагы бекемделсе, Россиянын ичкүйдүлүгү болбойбу?

-- Сөзсүз болот. Тоолуу Карабахтагы согуштан кийин Түркиянын геосаяттагы салмагы, ролу өзгөрдү. Өздөрүнө жаңы дем-күч алды. Алардын ири регионалдык мамлекет катары геосасатта максаты бар. Түрк тилдүү мамлекеттер менен биригип, түрк кеңеш куруу максаттары турат. Борбор Азияда геосаяттык атаандашуу бар. 

Биринчиси Россия–Кытай. Россиянын Борбор Азияга геосаясаттык өзүнчө максаттары турат. АКШ президенти Ж.Байден “мен сөзсүз Кытайга, Россияга каршы чыгам” дейт.

Түркиянын да Россия менен мамилеси оңой эмес. Россия бүгүнкү күндө Түркияга туристтерди жибербей жатат. Чек коюп, пандемияны шылтоолошуп. Андыктан, сапар жемиштүү болушу шарт. Экономикабыздын абалы мышык ыйларык. Түркия да муну түшүнүп турат... 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер