Орозодо ооз ачканда муздак суу ичпеңиз!
Дарыгер Икарбек Айтиев төмөндөгү кеңеши менен бөлүштү:
“Чоң адамдар күнүнө 3 литрден кем эмес суу ичүүсү керек. Чайды суу катары санаган туура эмес. Анткени, ал 100 градуста кайнап, түзүмүн өзгөртөт. Сууда да өзүнүн минералдары болот. Алар жок болгондон кийин пайдасынан зыяны көбүрөөк болот. Бат сиңип, табарсыкка күч келтирет. Ошого сууну 60-70 градус жылуу кылып ичүү керек. Суу көп кайнаган идиште ак калдыктар пайда болот. Кайнаган сууну көп ичкенде боордо таштар пайда болот. 1 килограмм салмакка 30 грамм суу берүү керек. Буга шербет, газдалган, кайра иштетилген суусундуктар кирбейт.
Орозо учурунда көпчүлүгү сууларды атайын муздатып, ооз ачар учурунда ичет. Биздин организмибиз 36 градус жылуу болсо, ал суунун жылуулугу 2-3 градуста болот. Ал биздин денебизди муздатып, зыян берет. Ооз ачканда 50-70 градустагы сууну ичкенибиз жакшыраак. Адам кечке ачка жүргөндө кан тамырлар ичкерип, кан суюлуп калган болот. Ысык суу барганда кан суюлуп, жүгүртүүсү тездеп калат.
Муздак суу ичкен учурда ашказан да муздап, анын таасири жакын жайгашкан башка органдарга да тийет. Ошол учурда биздин кан тамырларыбыз ичкерет. Кыргыздын «суук өтүптүр» деген оорусу ушундан чыгат. Кан тамыр ичкерип кетсе, кан айлануу начарлайт.
Адамдын денесинде 50-60 пайыз суу болушу керек. Мектепте окуткандай эле бардык катуу заттар сууда гана реакцияга кирет. Ошондой эле биздин жеген тамактарыбыздын баары суу менен аш болот. Ошон үчүн денедеги суунун өлчөмү бирдей ченемде болушу керек. Жадагалса 8 саат уктаган адам денедеги 1-2 литр сууну коротот”.