Акыркы кабарлар
» Саясат » Садыр Жапаров Россияга Пермдеги окуяга байланыштуу көңүл айтты
Садыр Жапаров Россияга Пермдеги окуяга байланыштуу көңүл айтты
21-сентябрь, 12:12
1 100 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Пермь мамлекеттик университетинде адам өлүмүнө алып келген куралдуу кол салууга байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты.
20-сентябрда күндүзгү саат 11:00 чамаларында белгисиз адам университетке кирип барып, туш келди ок чыгарган. Тергөө комитети бул окуядан алты киши каза болгонун билдирди. 12 миңдей студент билим алган жогорку окуу жайда сабактар бул күнү токтотулду.
Бул соңку төрт айдан бери Россиянын билим берүүчү жайларында катталган экинчи окуя.