“Азыркы өкмөт комплекстүү ишин жүргүзө албай жаткандай...”


-- Жашоонун кымбаттаганынан жаштар арасында ажырашкандар, үй-бүлөсү бузулгандар жылдан-жылга көбөйүүдө. Эмне үчүн мамлекет ушул жагына көңүл бурбайт?
Эмир Сарпашов, ишкер:
-- Сырттан өтө чоң суммадагы накталай инвестициялар киргендей сезилет. Анын кесепетинен бизде девальвация болуп жаткандай. Себеби, сырттан келген накталай суммаларды биздин ичтен чыгарылган дүң өндүрүштөрүбүз жаба албай жатат. Бул түздөн-түз коомубуздагы социалдык абалдарга катуу таасирин тийгизет. Сен көтөргөн маселе ошолордун бири. Негизи, өкмөт, парламент, социалдык абалга (пенсия, айлык акы, пособие, медицина, билим берүү, маданият ж.б.) көңүл буруусу керек. Менимче, азыркы өкмөт комплекстүү ишин жүргүзө албай жаткандай, кесипкөйлөрдүн компетенттүүлүктөрүндө шек бардай...
Чолпон Осмонова, ишкер:
-- Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык өкүм сүрүүдө. Бизде эптеп жөнгө салууга аракет кылып жатышат, бирок баары бир кымбатчылык жашоого таасирин тийгизет экен. Жаш үй-бүлөлөрдүн ажырашуусуна бир эле кымбатчылык эмес, башка себептер да бар. Айтайын дегеним, кээде кыздын, кээде баланын ата-энеси деле жаштардын турмушун бузуп, ажырашууларга себепчи учурлар да бар. Ошон үчүн жаштарга ата-эне жетиштүү тарбия берип, “Кудай ыйманын бүтүн кылсын” деп тилеш керек. Үй-бүлө бузулса эле мамлекетти күнөөлөй бергенге кошула албайм. Анткени, мамлекет экөөнү үйлөндүргөн жок да. Анан ким болбосун иштеши керек. Азыр “иштейм” деген кишиге Кыргызстанда жумуш көп. Ыңгайына карап эмгектенгендер каражат табышууда. Учурда бизде үйлөр, жерлер кымбаттап кетти. Бирок, мамлекет деле элге колдоо көрсөтүп, ипотекалык батирлерди куруп жатат.
Жаштар ажырашпай бактылуу болушсун. Мамлекетибизге стабилдүүлүк орноп, мекенибизди Кудай табигый кырсыктардан сактасын!
"Азия Ньюс" гезити











