Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтымыш өлкөнүн акындары жана Алтынай Темирова

Алтымыш өлкөнүн акындары жана Алтынай Темирова

10-август, 22:22
714 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-июлдан 16-июлга чейин планетабыздын атактуу шаарларынын бири Медельинде, жаратылышы эң кооз, ошондой эле байыркы цивилизациялардын көп издери бар Колумбияда дүйнөлүк поэзиянын эки чоң тарыхый окуясы: 33-эл аралык Медельин поэзия фестивалы менен ага биргелешкен Дүйнөлүк поэзия фестивалы жана коңшулаш Венесуэла мамлекетинин Каракас шаарында акындардын Дүйнөлүк конгресси 15-18-июлда болуп өттү. 

Медельин эл аралык поэзия фестивалында 5 континенттин ар түрдүү өлкөлөрүнөн 60 акын катышты. Кыргызстандын, дегеле Орто Азия аймагынын атынан Бүткүл дүйнөлүк поэзия кыймылынын улуттук координатору, биздин белгилүү акын, драматург жана котормочу Алтынай Темирова чакырылган. Иш-чаранын алкагында ал сөз сүйлөп, ырларын окуп, ошондой эле Медельин китепканасына, университетине бир нече китептерин, Москвада орус тилинде жана Германияда немис тилинде басылып чыккан ыр жыйнактарын белекке берип кайтты. 

-- Дүйнөлүк поэзия кыймылынын биринчи конгрессине дүйнөлүк коомчулук катары чогулуп, ар түрдүү көз караштарыбызды бөлүшүү, поэзиянын биздин жашообузга жана коомубузга тийгизген зор таасирин белгилөө үчүн теңдешсиз мүмкүнчүлүк болду. Бул ой жүгүртүү, кызматташуу жана поэзиянын дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүчү күчүн ишке ашыруу аркылуу адамзаттын келечегин жакшырта турган бекем байланыштарды түзө турган күч экени белгиленди. Абдан чоң иш-чаранын күбөсү болуп кайттым. Дүйнөнүн беш континентинин акындары катышкан иш-чара дүйнө жүзүндө биринчи жолу болуп жатат. Конгресс дагы биринчи жолу болду. Негизги максаты – дүйнөдөгү белгилүү акындардын башын кошуп, бири-бирине тааныштыруу, ар бир өлкөдөгү поэзия каармандары менен өз ара мамиле түзүү, дүйнөлүк поэзияны борборлоштуруу болуп саналды, - дейт Алтынай эже. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер