Русланбек Жакышев: “Шаардагы айкелдердин абалын көрүп, зээним кейийт”
-- Русланбек Шергазиевич, Бишкек шаарындагы эстеликтердин абалы тууралуу аябай актуалдуу маселе көтөрдүңүз. Майда-бараттай көрүнгөнү менен чындыгында эле ойлончу маселе экен...
-- Мага Кожомкул балбандын небереси кайрылды. “2004-жылы чоң атабыздын айкелин орнотконбуз. 18 жылдан бери аны мамлекеттин балансына өткөрө албай койдук. Үстүн чаң, астын чөп басат, үстүнө чымчыктар уялайт. Ошонун баарын мезгил-мезгили менен өзүбүз жууп, тазалап турабыз. Шаардын мэриясынын болобу, же Спорт сарайынынбы, айтор, бирөөнүн балансына өткөрүп берсе жакшы болот эле” дейт. Жакшы, Кожомкул балбандын небереси бар экен, карап атыптыр. Артында туягы калбай калган кээ бир кишилердин айкелдери бар да. Аларды ким карайт? “Эшигин көрүп, төрүнө өт” дейт. Спорт сарайында такай чоң мелдештер өтөт, алыс-жакындан көптөгөн коноктор келишет. Айкелге карата мындай мамилени көрсө, алар эмне ойдо калышат? Анүстүнө, атты көтөрүп турган айкел дүйнө жүзүндө биздин Кыргызстанда эле бар экен.
-- Спорт сарайынын алдына орнотулгандан кийин ошолор карашы керек эле го?
-- Туура, карашы керек болчу. Бирок алар “биздин балансыбызда эмес, карабайбыз” дешет экен. Башкалаабызда мындай айкелдер аябай көп, баарынын абалы ушундай. Баарын ревизия кылып, карап чыгыш керек. Айрымдары мүмкүн аябай жаман акыбалга келип калгандыр, талкаланып жаткандыр... Ошон үчүн мен бул боюнча протоколдук тапшырма бердим.
"Азия Ньюс" гезити