» Саясат » Рысбек Акматбаев болгондо бита менен сабап “кустурмак”. Азыр гумандуулук барбы?
Рысбек Акматбаев болгондо бита менен сабап “кустурмак”. Азыр гумандуулук барбы?
20-апрель, 07:18
1 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Убагында Рысбек Акматбаев олуттуу билдирүү жасаган. “Мен мандат алсам, чиновниктерди, депутаттарды “кустурам”. Керек болсо бита менен жанчып, тышкы карызды төлөттүрөм!” дегенге чейин айткан. Ооба, ал Ысык-Көл районунан элдин колдоосун багындырган. Бирок андагы БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Рысбек бандит, депутат болбойт” деп кесе айтып, мандат бербей койгон. Кызык бекен? Жакында Рысбек Акматбаевдин ошол айткандарын, “кустуруу” ыкмасын генерал Өмүрбек Суваналиев эске салып, “солк” эттирди. Бийликтин күрөө тамырынан кармагандай сындады. А натыйжада, мыйзамдуулук өңүтү кандай? Бул таризде илимдин докторлору, академиктер үн катышпайбы? Азырынча бита менен сабабай эле камакка алуулардан кийин “кустуруулар” уланууда. Гумандуулук барбы? А келечекте кантебиз? Карама-каршы арыз жазуулар, компроматтар жаабайбы? Эртеңки күнгө карай акыл пештейли да...