Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды

Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды

08-февраль, 11:38
389 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда 8-февралга карата коронавирус 98 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 38, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 43, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусу – 9, Жалал-Абад облусунда – 3, Баткен облусу – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 308 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 766 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 995 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 617 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 397 киши айыгып чыкса, 2 миң 909 адам каза болду.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер