Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Өмүрзаковдун комитет төрагасы болушу – элибиздин утушу!

Генерал Өмүрзаковдун комитет төрагасы болушу – элибиздин утушу!

22-январь, 09:00
1 287 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ишеним” партиясы менен Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттик шайлоодо таза жеңишке жетип, элдин колдоосуна арзыды. Башкалардай акча таратып, же кандайдыр бир көз будамайлоо иштерине барган жок. Бул жагынан алкоого татыйт. Өткөн аптада Өмүрзаков укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасына шайланды. Эң туура тандоо болду. Парламенттин аброюн көтөрүп, мамлекет үчүн кызмат кылуу жагынан каарманыбыз татыктуу иштей алары шексиз. Көп артыкчылыктары бар. Ал Беларусь өлкөсүнөн милициянын жогорку окуу жайын бүтүп, жемиштүү ийгилигине жол ачкан. Катардагы милициядан ИИМдин 1-орун басарлыгына чейин ырааттуу түрдө жетекчилик кызматтарды басып өтүп, мекенибиз үчүн ак пейилдикте, так иштегени маалым. Билими, тажрыйбасы мол. Генерал-майор чин-даражасына ээ. Эң башкысы, сабырдуулугу, тазалыгы жана түз жүргөн жигитчилик сапаты менен башкалардан айырмаланып турат. Сүйүн мырза атак-даңкка, бийликке, байлыкка манчыркабай, Кудайга шүгүр келтирип, артынан из калтырууга, эл үчүн кызмат кылууга кызыкдар. Көз тийбесин! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
(Видео) Тажиктердин ок жаадырганы... Коргологон Лейлектин тургундары...
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер