Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Альянс Алтындын” акчасы тескери сапырылып атабы?

«Альянс Алтындын” акчасы тескери сапырылып атабы?

18-май, 16:00
886 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» компаниясында Жаныкулов Данияр деген бар. Ошол жигит «Альянс Алтынга» караштуу «Бакубат Талас» фондуна тийиштүү каражаттын баарын чечет. Фонддун беш кишиден турган байкоочу кеңешине жалаң өз тааныштарын топтоп алган. Алар болсо Данияр эмне айтса ошого макул болушуп, кол көтөрүп беришерин билдиришти. Бир сөз менен айтканда, фонддогу миллиондогон каражаттар ушул Д.Жаныкулов аркылуу бөлүнөрүн кайда жашырабыз? Каражатты бөлөрдө Талас облусунун губернатору М.Мураталиев менен макулдашып коёру тууралуу билгендер айтып жүрүшөт. 
Суроолор жаралууда. Эми ушу Данияр өткөн жылдын декабрь айында өз айылына балдар бакчасы үчүн бир чала бүткөн үйдү 100 миң АКШ долларына (!) сатып алганы ушул учурда уу-дуу кеп болгону кандай? Анткени, Талас өрөөнүндө андай баадагы үй жок экендиги келесоого да белгилүү. Анын Манас айылында эмес, облус борбору болгон Талас шаарында эң мыкты деген эки кабат үйлөр ашып кетсе 30-40 миң АКШ доллары болот. Бала бакчага делген үй ылай менен эле салынып, сыртынан бышкан кыш менен капталыптыр. Эч кандай сейсмикалык коопсуздук эрежелери сакталбаган үйгө жаш жеткинчектерди кантип киргизгени жатышат? Кудай сактасын, бирок эртең жер титиреп кетсечи, жаш балдардын коопсуздугу кандай болот? Ал бүтө элек үйү 100 миң АКШ доллар болсо, дагы 2,5 миллион сом ремонт ж.б. иштер үчүн которулганбы? Ошону менен бала бакчанын баасы 10 млн. сомго чукулдап бардыбы? Айыл ичиндеги андай үйлөр ашып кетсе 1,5 же 2 млн. сом болору бештен белгилүү. Негизи, ал айылда буга чейин үч бала бакча иштеп келгендиктен, төртүнчү бала бакчанын зарылчылыгы деле болбогону каңкууланды. «Альянс Алтын» тарабынан карапайым элдин керегине жаратуу, жашоо-турмушун жакшыртуу багытында бөлүнгөн каражатты Д.Жаныкулов атасынан калган “акчадай” эле сугунуп жатканы иш жүзүндө ырасталабы?..
Раис Бакбергенов 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер