Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Жороев: “Капчыктуурак партиялар, талапкерлер атаандаштарына теңсиздик жаратат”

Эмил Жороев: “Капчыктуурак партиялар, талапкерлер атаандаштарына теңсиздик жаратат”

13-ноябрь, 18:30
1 330 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Үгүт иштери күч алып турган кез. Мурдагы шайлоодон кандай өзгөчөлүктөрдү байкап жатасыз?

-- Үгүт иштери башталганына он күндөн ашык убакыт болду. Шайлоо мыйзамына ылайык, жаңыча иштер жүрүп жатканын байкап жатабыз. Мисалы, бир мандаттуу округдардан чыгып жаткан талапкерлердин көбүрөөк аракеттери өздөрүнө тийешелүү округдарда болуп жатат. Андыктан, анча-мынча жаңылыктардан эле укпасак, жалпысынан өлкөдөн, медиадан сырткарыраак болуп калып жатат. Ал табигый нерсе. Ошондой болгону туура эле иштер. Экинчиден, партиялык тизмелер боюнча буга чейин болуп көрбөгөн нерселерди байкап жатабыз. Мисалы, ар бир партиянын мүчөлөрү, талапкерлери партиясына кошо жеке өздөрүнүн номурларын айта кетип, үгүт иштерин алып барып жатышат. Бул бир чети ыңгайсыздык жараткандай сезилип турат. Өз номурларын айтканда бир аз уялгансыгандай сезим калтырууда. Канткенде да “акырында жаңы системанын кесепети партиялардын бекемдигине терс таасир тийгизбейби?” деген чочулоо менен байкоо бар. Жалпысынан алганда, “үгүт иштеринин активдүүлүгү буга чейинки шайлоо алдында болгон иштерге салыштырмалуу алсызыраактай, энергиясы жогураактай болуп жатат” деген сөздөргө кошулбайм. Жок  эле дегенде жаңы система болгондуктан, ар бир күнү ар башка иш алып барууну түшүнүп турушат партиялар. Анан албетте, буга чейин аша чапкан, кадам сайын, көчөдө да, интернетте да болуп жаткан үгүт иштеринин азыраак болгону жакшы эле нерсе. Аша чапкан сарптоолор өзгөчө капчыктуурак партиялар, талапкерлер атаандаштарына караганда эселеп көп акча төгүп жаткандары жакшы эмес болгон эле. Эгерде ошондой иштер азыраак болуп, теңсиздиктер азыраак болсо, албетте, бул жакшы нерсе. Шайлоочулар үчүн да жакшы.

-- Аша чапкан кемчиликтер байкалган жокпу?

-- Буга чейинки болуп келген кемчиликтер дагы деле кайсы бир деңгээлде байкалат. Үгүт иштеринин мазмунуна караганда, анчейин терең мааниси камтылбаган, талапкерлердин аттарына, сүрөттөрүнө, номурларына, логотиптерине же бир эки сөздөн турган лозунгдарына көбүрөөк орун берилип, конкреттүү иштер боюнча саясый багыттарга ыктаган көңүл азыраактай. Буга чейин деле ошондой болчу, азыр деле ошондой. Жалпысынан алганда, шайлоочулар андай терең мазмундагы узак сөздөрдү окушпайт. Бат, бир канча секунд ичинде алынып кала турган маалыматка гана ыктоону туура көрүшөт. Бирок ошол туура эмес деп ойлойм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер