Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Аял алып, жалгыз уйду бергенбиз. Апам карандай чай менен ооруп калды...
Аял алып, жалгыз уйду бергенбиз. Апам карандай чай менен ооруп калды...
21-ноябрь, 18:02
1 799 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌(Айылдан кат)
Айылда жашоо оор эле... Жарым жыл мурун үйлөнүп алып, аялым кулак мээни жегенинен жалгыз уюбузду алдына алып барып бергенбиз. Кошуналардан сүт сурай берип тажайсың, аягында алгың келбейт. Жетимиштен ашкан апам сүт чай ичпей калып, сыркоолой баштады. Кайрадан үйдө уруш... Эми жалгыз атымды сатып, уй алыш керек. Ушул жетишпеген жашоого беймазамын. Кыргыздын алдыга түшүү, эне сүтү (!) деген салттары кайдан чыкты эле? Кысталып жашаган кезде куру намыс кыйнады. Беш кой аял алганга кеткен, эми алтоо калды. Жер иштетсең да банкрот болосуң. Түшүм жыйнаганда базарга эптеп сатасың, эмгек акталбайт. Чоңдор өз кызыкчылыгы менен жыргап жашашат. Баягы эле бизге окшогон карапайым эл кыйналат тура...
Жаркынбек, 32 жашта
Aryba.kg