Акыркы кабарлар
» Коом » Марлен Маматалиев: “Орозо – саясатчыларды жаман оюндардан алыстатат”
Марлен Маматалиев: “Орозо – саясатчыларды жаман оюндардан алыстатат”
24-март, 09:00
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Марлен мырза, мына бүгүн Рамазан айы башталды. Сиз да орозо кармадыңызбы? Эгер кармасаңыз, канча жылдан бери?
-- Ооба, үзгүлтүксүз кармаганыма он беш жылдан ашып калды. Ага чейин бир жыл кармап, бир жыл кармабай жүргөм.
-- Орозо саясатчыга эмне берет?
-- Бул саясатчыларга гана эмес, жалпы адамзатына Кудайдын бир сыноосу. Мусулман баласы ошол сыноодон өтүшү керек. Бул – парз. Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң таанымал врачтар да орозо ден соолукка өтө пайдалуу экенин айтып жатышат. Бул мындан канча кылым мурда эле Куранда айтылган, бүгүн XXI кылымда ал илимий жактан тастыкталып отурат. Ден соолукка пайда келтиргени бир жагы болсо, экинчи жагы адам тамактын, суунун баркын билет. Биз кээде кор кылчу суу канчалык даамдуу экенин сезет. Өзү ачкалыкты башынан өткөрүп, курсагы тойбой, ачка жүргөн адамдардын абалын түшүнөт. Шүгүр келтирет. Бул жакшы нерсе. Азыркы тил менен айтканда, бул бир жылда бир жасалчу профилактика сыяктуу. Ушул айда өзүңдү жаман өнөкөттөрдөн тыйып, жакшы, сооп иштерди жасаганга умтулуш керек. Айтор, кайсы жагынан алып караба, орозо жакшы нерсе. Өзгөчө саясатчылар үчүн жакшы. Саясаттын жаман оюндарынан алыстатат."Азия Ньюс" гезити