Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кандай эркек кызыл камчы болот?

Кандай эркек кызыл камчы болот?

20-июнь, 10:29
1 111 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жыл жаңыргандан бери күйөөсүнөн зомбулук көргөн аялдардын саны өсүүдө. Бири күйөөсүнүн колунан таяк жеп каза тапса, экинчисине бензин чачылып өрттөлүп, коомчулукка дүрбөлөң салды. Ал эми өткөн жумадагы Жалал-Абаддын Сузак районундагы аялдын көргөн кордугу көпчүлүктүн көз алдында. Мындан улам, “зулум, кызыл камчы эркек кайдан чыгат?” деген суроого жооп издедик. Көрсө, маселенин баары бала кезинен башталат экен. Бул тууралуу психолог Самат Алканов айтып берди.


1. Бала кезинде алган психологиялык жараат биринчи себеп болуусу мүмкүн.  Кичинекей баланы (өзгөчө аялзатын) басынтып, шылдыңдаган учурда аң-сезимине доо кетет. Баланын ызасы ичинде катылып, ал сезим көп жылдар бою мээсинде жазылып тура берет. Кийин турмуш куруп, аялы менен урушканда, анын “башка эркектердей болуп акча таппайсың” же “сен да эркексиңби?” деген салыштырууларын укканда, көп жылдан бери катылып турган ызасы ойгонот. Анын көз алдына аялы эмес, тээ илгери аны катуу таарынткан аял (балким ал бала бакчадагы тарбиячысы же мугалими болушу мүмкүн) тартылат. Ушул учурда эркектин ичинде жырткыч ойгонот.

2. Ашыкча эркелетип, баланын ою менен болуу да чоң муштумдукка алып келет. Себеби, ага кичинесинен оозунан чыкканынын баарын алып беришкен. “Мен, меники!” деген сезим менен чоңойгон бала башканын сезими менен эсептешкенди билбейт. Турмуш курганда ата-энесинен көргөн эркелик мамилени аялынан талап кыла баштайт. Өзүнүкүн кандай жол менен болсо да алууга өтөт. Көп учурда үстөмдүк, сабоо жолу менен каалаганына жетет. 

3. Үчүнчү себеби, бала кезинен көзү көргөн нерсени кайталоо. Паталогиялык чоң муштумдук десек болот. Мисалы, атасы кылган нерсени кайталайт. “Үй-бүлөдө күйөөсү аялын сабаса болот, сабашы керек” деген программа мээсине басылат. 

4. Балада ичтардык, бирөөнүн ийгилигин көрө албаган сезим күч болсо, келечекте кызыл камчы чыгарына талаш жок. Бирөөнүн ийгилигин көралбайт, өзүнүн ийгиликсиз кадамдарына башканы күнөөлөйт. Мындай адамдар үчүн “ушундайлардын айынан кыйналып атам”, “сен үчүн жолум болгон жок” деген сөздөр мүнөздүү. Келип чыккан кыжырдануу сезиминен арылыш үчүн муштуму түйүлөт. Көп учурда бул адамдардын курмандыгына аялы жана балдары кабылат. 


"Азия Ньюс" гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер