Өлкө өнүгүшүнө тартип, коопсуздук менен салым кошкон Улан Ниязбеков


Мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл өлкөбүзгө чет элдик туристтер көп келүүдө. Ошого катар бир канча мамлекеттик жогорку посттогу кызмат адамдары да байма-бай каттап аткан чак. Мунун өзү Кыргызстанда туруктуулук калыптанып калганынан кабарлайт. Ошого катар инвестиция тартууга, экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлмөкчү...
Алдыда ШОС, Көчмөндөр оюндары коштогон эл аралык деңгээлдеги чоң иш-чаралар өткөнү турат. Ириде коопсуздук жогорку деңгээлде сакталса, мамлекеттин аброюна, келечегине карата ишеним бекемделе бермекчи. Билгенге мындай ийгиликтин сыры тереңде...
Ички иштер министри Улан Ниязбеков беш жылдан ашык убакыттан бери командасы менен тынымсыз эмгектенип, кылмыштуулукка каршы күн-түн дебей күрөшүп, терс көрүнүштөрдү алдын алууга, профилактикалык иштерди жүргүзүүгө батыл киришип жатып, натыйжада, жемишин жалпыбыз көрө баштадык. “Коопсуз өлкө” долбоору аймактарга чейин кулач жайып, санариптик системага жетишүү багытындабыз. Жылдан-жылга коомчулук ыраатка түшүп, тартип бекемделүүдө. Эң башкысы, жарандарыбыз, чет элдик саякатчылар Кыргызстанда ээн-эркин, каалагандай жүрө алышат.
Дүйнөлүк практикадан алганда, коопсуздугу жогору сакталган өлкөдө өнүгүүгө жол ачылат эмеспи. Кийинки айларда ШОСту, Көчмөндөр оюндарын ойдогудай өткөрүп алсак, жер шарынын жарымынан көбүнө атыбыз чыгып, аброюбуз артат. Ала Тоону мекендеген элибиздин жолу ачыларынан кабар бермекчи. Мына ушунун баары туруктуулукка кам көрүүдөн, мыйзамдуулукту сактоодон башталары калетсиз.
Коопсуздуктун кепилдиги – өлкө өнүгүшүнө чыйыр салары шексиз. Генерал-полковник Улан Ниязбеков бул багытта жогорку баскычка жете алды. Кыргызстандын ар бир үйүндө тынчтык, эркин жашоо болсо, укук сакталса, мамлекет да ошонун негизинде өсүп жатканынан кабар берет.











