Күзгү саясый сезондо Сыймык Жапыкеевдин жылдызы жанабы?


Аз күн мурун Сыймык Жапыкеев журналист Ыдырыс Исаковго маек бериптир. Анда “кустуруунун” автору экенин эскертип, Ташиев чалмакейди чалганын, администрацияны шопур башкарып алганын, өз эмгеги менен байыган бизнесмендерге тийбей, Акылбек Жапаровго окшогондорду “окшутуш” керектигин, ж.б. бир топ сөздөрдү айтты. Коомчулукта талкуу жаралып, Сыймыкты колдогондор арбый баштаптыр. Ал нааразычылыгын ачык айтты да. Дагы далай нерсени “балп” эткизчүдөй...
Эртеңки күнү да бүйүр кызыйт окшойт. Сыймык Жапыкеевдин президенттик шайлоого чыгар-чыкпасы кызыгууларды жаратып жатыптыр. Өзү баштап береби, же татыктуу талапкерди сүрөйбү, айтор, аңыз кептер азырынча токтой элек. Кандай да болбосун, Сыймык Жапыкеев саясый аба ырайына таасир этип, жылдызы жанганы калдыбы? Азырынча коомчулук астында “туз карталар” ачылбай тургандыр...











