Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кумтөрдөн жылына 16-17 тоннадан алтын алып турсак, 2031-жылга чейин жетет”
Кумтөр – дүйнө жүзүндөгү эң ири кендердин бири. Буга чейин коррупционерлердин айынан элдин байлыгы бир ууч топтун пайдасына иштеп, эбегейсиз экологиялык зыянын тартып келдик. Ал эми азыр элдин пайдасына кандай иштеп жатат? Бул боюнча тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков ой бөлүштү.
-- Кумтөр кени өзүбүзгө өткөнү кандай иштеп жатат? Пайдасын көрүп жатабызбы? Ушулар боюнча ой бөлүшсөңүз?
-- Кумтөр кени 1994-жылы пайдаланууга берилип, 1997-жылдан бери өз түшүмүн бере баштады. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин 500 тоннадай алтын өндүрүлдү десек болот. Ошол мезгилде эсептелген 706 тонна алтындын болжолдуу запастары менен кору бар. “Центерра” компаниясы менен биздин Кыргызстандын келишими аркылуу 500 тоннадай алтын иштетилип кетти. “Ошондон бизге канча пайда түштү?” деген суроо жаралбай койбойт. “Центерра” компаниясы Кыргызстандан кеткенге чейин 12 миллиард долларга жакын жалпы киреше түшкөн болсо, энергетика чыгымдары, башка салыктардын эсеби менен алып келгенде 30%га жетпеген эле акча бизде калган. Кумтөр бизге өткөндөн тартып 17 тонна алтын өндүрүлсө жана жалпы баасы 1 миллиард долларга жакын болсо, ошол акча толугу менен өлкөбүздө калып жатат. Мурда өндүрүлгөн продукциядан башында айтылып кеткен дивиденд акыркы жылдары төлөнбөй деле калган. Былтыр толук 17 тонна алтын өндүрдүк. Аны толугу менен биздин Улуттук банк сатып алды.
Экинчи дагы бир жакшы жагдай бар, “Центерра” кетип жатканда изилденген алтындын кору 175 тонна калып жаткан. Кумтөрдөн жылына 16-17 тоннадан алтын алып турсак, 2031-жылга чейин жетет. 2031-жылга чейин толугу менен сатылган каражаты өзүбүздө калат. Андан тышкары, 2900дөн ылдыйкы горизонтторунда 330 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Ага дагы Кумтөр керектүү чалгындоо иштерин жүргүзүп жатат. Болжолдуу кору бар участоктор табылууда. Мунун баары келечекте иштетиле турган, кыргыз элине кызмат кылчу алтын да...
-- Жаңы шарттарды өздөштүрүп кетүү Кыргызстандын милдети эмеспи. Тармак иштери тууралуу кандай пикириңиз бар?
-- Мыйзам талаасында дайым өзгөртүүлөр, жаңылоолор киргизилип турушу шарт. Экинчиден, финансылык, экономикалык жагынан төлөмдөрдүн түшүшү, салыктардын төлөнүшү боюнча дагы жаңы талаптар ишке ашышы абзел. Эң башкысы, экологиялык шарттар да каралышы керек. Буларга мамлекеттин дыкат мамилеси зарыл. Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагын биздин экономикабызга локомотив болгон пайдалуу тармак катары айтсак болот. Бул боюнча эки эле цифрага токтоло кетейин. 2021-жылдын жыйынтыгы менен республиканын бюджетине 22 миллиард сом каражат берген болсо, 2022-жылдын жыйынтыгында 48 миллиард сом берип жатат. Бул мурунку жылдагыга караганда эки эседен көбүрөөк
-- Дагы кандай өзгөрүүлөр керек?
-- Мыйзам талаасында кийинки алына турган алтын кендери болобу, сөзсүз түрдө мамлекеттин үлүшү сакталышы керек. Адистер, мамлекеттер тарабынан изилдөө иштер жүргүзүлө берсе, дагы иштетиле турган кендердин саны көбөйөт. Пайдасы дагы көп болот деген ишеним бар. Мисалы, кошуна Казакстан официалдуу түрдө “ушундай темп менен иштей берсек, 10 жылдан кийин минералдык сырьебуз түгөнөт экен” дейт. Бизде деле акыбал Казакстан сыяктуу. Ашып кетсе сырьебуз 10-15 жылга жетет. Бүгүнкү күндө “Кыргыз геология” деген мекемеге, анын ичинде биздин баардык геологиялык экспедицияларга 20 миллионго жетпеген каражат бөлүнөт. Алар бул каражатка башталгыч гана иштерди жасай алышат. Мурда бир эле экспедицияга 1 миллион доллардан кем эмес каражат бөлүнүп келген болсо, бүгүн жалпы геология тармагына өтө аз каражат каралууда. Ушул темп менен кете берсек, минералдык базабызды жок кылып алуу коркунучу бар. Биз анда келечек муунга кендердин түрлөрүнөн запас камдап бере албай калабыз. Ал үчүн экология менен геология бир мекемеде болбогону дурус. Жыйынтыгын көрдүк, уктук.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити