Шайлоонун 2-туруна Садыр Жапаров менен Канатбек Исаев чыгабы?
Президенттик жарышка аттанган талапкерлердин ичинен Садыр Жапаров, Канатбек Исаев жана Адахан Мадумаров алдыда баратканын баамдап атабыз. Үчөөнүн аты эл ичинде көп айтылууда. Баарыбыз күбө болуп аткандай, Садыр Жапаровдун эки ай мурдагы рейтинги кыйла төмөндөй түшкөнү байкалууда. Бийликтин талапкери катары ага саясый айыптар, сын пикирлер жаап турган кези. Канатбек Исаевдин бедели мурдагыдан көтөрүлүп баратканына күбө болуудабыз. Бирок, бул дагы жетишсиз, саясый арымын мындан да катуулатып, курч билдирүүлөрү менен коомчулукка көп чыгышы керек. Бийликтин фейктери, троллдору Исаевге карата кара пиарды да күчөткөн кербездери. Себеби, Садыр Жапаровго негизги атаандаш болору эмитен эле сезилүүдө. Ал эми Адахан Мадумаровдун активдүүлүгү мурдагыдай эмес. Бул жолу шансы аз экенин өзү да байкап, анчалык жулунбай отуруп калды окшойт...
Aryba.kg