Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Бала бакча эң чоң көйгөй болууда”

Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Бала бакча эң чоң көйгөй болууда”

17-июнь, 21:36
368 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Акбөкөн Дүкенович, Ысык-Атада эмне жаңылык?

-Бизде Нижняя-Серафимовка деген айыл бар эмеспи. Ошодон өйдө тоону көздөй кеткен жол бар. Ысык-Ата айыл өкмөтүнө чейин барат. Өзү сайдын ичине чейин 9,5, баш-аягы 12 чакырым. Ал деле асфальт эмес, мындай эле таш жол. Союз ыдырагандан бери оңдолбой жаткан. Бир жума болду, президентибиз акча бөлүп берген экен, министр өзү келип, жолду баштап берди. Элдин баары сүйүнүп атат. 

-Бала бакча да чоң көйгөй окшойт...

-- Эң чоң көйгөй. Союз учурунда көптөгөн бала бакчалар салынган. Ошонун 20 чактысы азыр жөн эле турат. Ново-Покровка айыл өкмөтүндө эки-үч бала бакча бар эле, анын баарын баягы “прихватизация” мезгилинде сатып ийишкен. 12 жылдай болуп калды, жаңы бала бакчанын курулушу башталып, бирок токтоп калган. “Тендер жакшы өтпөй калды, мурунку баа менен бааланып калыптыр, кайра баалайбыз” дешти. Анан “котельный эске алынбай калыптыр” дешти. Айтор, бирдемелердин баарын айтып отуруп, ушу убакка чейин келди. Ново-Покровкада 20 миңге жакын калк жашайт. Ошолорго мамлекеттик да, муниципалдык да бала бакча жок. Ошондуктан, бала бакча аябай керек. Убагында акча да бөлүнүп берилген экен. Ошол көйгөйдү айттым азыр. Убагында бала бакчалардын баарын жергиликтүү бийликке берип салган. Айыл өкмөттөрдүн болсо акчасы жок. Анан ошо бойдон эптеп кутулалы деп токтотуп, акырындан сатып ийишкен да. Кайра бир тобу алынып атат. Көбү кароосуз калып калган. Директорлор спонсор таап, оңдоо иштерин жасайбыз деп барат экен. Бирок, укугун далилдөөчү кагаздарын сураса эле алар жок болуп чыгып, акча алалбай калып атышат. Катталган эмес да көбү... 


"Азия Ньюс" геззити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер