Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тагжана Айдаралиева: “Башка өлкөлөрдөн электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө”

Тагжана Айдаралиева: “Башка өлкөлөрдөн электр энергиясын алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө”

05-март, 22:47
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Электрстанциялары” ААКнын пресс-катчысы менен маек.

-- Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин түрдө азайып кеткени белгиленди. Негизи суу сактагычка канча өлчөмдө суу батат?

-- Токтогул суу сактагычы долбоор боюнча максималдуу 19,5 млрд. куб/метр сууга эсептелген. Ал эми минималдуу эсептеги суу 5,5 млрд. куб/метр болушу керек. Азыркы кезде суу сактагычта 9,8 млрд. куб/метр суу бар. 

-- Суунун азайып кетиши эмнеге байланыштуу болду?

-- ГЭСке агып түшкөн суу секундуна 212 куб/метрди түзүүдө. Бул өтө аз, анткени иштетилген суунун жогорку көлөмү секундуна 597 куб/метрге барабар. Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушу Нарын дарыясынан келип түшкөн сууга байланган. Ал эми Нарын дарыясындагы суунун агымы болсо толугу менен кардын калың, көп жаашынан жана тоолордун чокусуна топтолгон мөңгүлөрдөн көз каранды. 

-- Суу быйыл эле аз өлчөмдө келип атабы?

-- Биз үч жыл катары менен аз кардуу кышты өткөрүп жатабыз. Кыргызгидрометтин прогнозуна таянсак, кардын  топтолушу 46%дан азыраак болгон. Бул Токтогулдагы суу эки эсеге аз дегенди билдирет. Бул табигый фактор болгондуктан, башка нерсе кыла албайбыз.

-- ГЭСке келген суунун агымы кайсы айларда көбөйө баштайт?

-- Муздун эриши майдан баштап сентябрь айларына чейин уланат. Ал кезде суу сактагычка агып келген суунун көлөмү көбөйөт. Тилекке каршы, кардын аздыгына байланыштуу быйыл мөңгүлөрдүн дагы массасы өтө эле аз.  

-- Электр энергиясын кошумча кайсы жактан алса болот?

-- 2020-21-жылдардын кышы дээрлик суук болгону үчүн электр энергиясынын коротулушу дагы жогору болду.  ГЭСтеги сууну үнөмдөө максатында жана элди электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Бишкек ЖЭБинен электроэнергия иштелип чыгып атты. Ал жактан суткасына 10 млн. кВт/саат электр чыгарылат. 

-- Эгер Токтогул ГЭСи ишин толугу менен токтото турган болсо, электр кайсы өлкөдөн алынат?

-- Токтогул ГЭСинде сууну сактап калуу жана эффективдүү пайдаланууну көздөп, учурда өлкөгө коңшу мамлекеттерден электр энергияны сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер