Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекболот Талгарбеков: «Кыргызстан учурда коррупциянын мекени болуп калды»

Бекболот Талгарбеков: «Кыргызстан учурда коррупциянын мекени болуп калды»

13-апрель, 12:14
1 277 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
-- Бекболот байке, кабмин төрагасы, экономикага жоопкер Акылбек Жапаров жана анын орун басары, күч түзүмдөрүн башкарган Камчыбек Ташиев сиздин жакын инилериңиз экенин билебиз. Алардын иш-аракеттерине көз салып турасызбы?
-- Албетте. Аларда ийгилик болсо кубанам, кемчилик болсо көңүлүм чөгөт.
-- Анда алгач Камчыбек Ташиевдин ишмердиги боюнча пикир айтсаңыз?..
-- Ал күч түзүмдөрүнүн куратору жана коопсуздук кызматынын жетекчиси катары бир нече багытта жигердүү иш алып барууда. Биринчиси, мамлекеттик коопсуздукту жогорку деңгээлге алып чыкты. Эки жыл мурда тажиктер капыстан кол салып, кыргыз бийлигинин эсин оодарып салды эле. Соңку мезгилде Ташиевдин аракети менен кыргыз армиясы абдан күчтөндү. Факты келтирсек, Кыргызстандын аскердик кубаты 2022-жылы дүйнөлүк рейтингде 107-орунда болсо, ал эми 2023-жылы дароо жети орунга алдыга жылып, жүз өлкөнүн ичине кирди. Бул чоң ийгилик. Экинчиси, Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы тынымсыз күрөш алып барууда. «Акулалар» топ-тобу менен торго түшүп жатышат. Алар үч жылдын ичинде жүз миллиард сом көлөмүндөгү каражатты мамлекетке кайтарышты. Бул чоң жетишкендик. Үчүнчүсү, соңку чейрек кылымда, олигархтар гана эмес, орто жана кичи бизнестеги ишкерлер да «крышасыз» легалдуу иштей албай калышкан. Алар биринчи кезекте «крышаларына» үлүшүн берип, анан гана мамлекетке салык төлөшчү. Камчыбек Ташиевдин «караларга» каршы оор соккусунан кийин абал кескин өзгөрдү. Ишкерлер ашыкча төлөмдөрдөн кутулуп, жаңы жагдайга көнө башташты. Төртүнчү, коопсуздук кызматы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтарууда. Мисалы, Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл” заводун, профсоюздар федерациясынын имараттарын, Чүйдөгү айдоо жерлерди, Ысык-Көлдөгү пансионаттарды ж.б. өлкөнүн аймагындагы көптөгөн байлыктарды.  
Жалпысынан айтсак, Камчыбек Ташиев кыргыз эли, мамлекети үчүн жанын үрөп, таза жана натыйжалуу иштеп жатат.
-- Кандай каалоо-сунуш айтат элеңиз?
-- Коррупцияга каршы күрөштү терең талдап чыкса болот эле. Алсак, президент Сооронбай Жээнбеков башкарган 2020-жылы коррупциянын деңгээли боюнча Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 124-орунда болчу. Жаңы Башмыйзам аркылуу орнотулган неофеодалдык мамлекеттик башкаруу системада тынымсыз күрөшкө карабастан коррупция кулачын кеңири жайды. Дүйнөлүк рейтингде 2021-жылы 144, 2022-жылы 140, ал эми 2023-жылы 141-орунга түшүп, Кыргызстан учурда коррупциянын мекенине айланды. Бул эмнени билдирет? Демек, кыязы, коррупционер «акулалар» топ-тобу менен камалып жатышканына карабастан айрым «киттер» ээн-эркин сайрандап жүрүшөт да...
-- Эми Акылбек Жапаровдун ишмердигине өтөлү. Ал өлкөнүн экономикасы мыкты өнүгүп жатканын, ички дүң продукциянын көлөмү жана бюджеттин кирешеси эки эсеге өскөнүн жарыялап келүүдө...
-- Акылбек Жапаров соңку үч жылдагы экономикалык сандарды 2020-жылга салыштырып айтып жүрөт. Бирок ал жылы ковид пандемиясынын айынан эл менен кошо ишкерлер да карантинде отурганын, чек аралар жабылганын, өндүрүш төмөндөп, экономика көрсөткүчтөрү кескин азайып кеткенин коомчулук унутуп калды (!) деп ойлойт окшойт. Ал албетте, тажрыйбалуу финансист. Бирок мени өкүндүргөнү, кабминдин төрагасы деңгээлине көтөрүлө албай, финансы министри катары эле иштеп келатат. Анын «салыкты жакшы чогултуп, бюджеттин кирешесин көбөйтөбүз, анан ал кирешенин эсебинен айлык акы, жөлөк пул, пенсияны жогорулатабыз, жол ж.б. курабыз» деген примитивдүү программасы Кыргызстанды өнүгүү жолуна сала албайт, салган да жок. 
-- Ал бажы төлөмдөрү үч жылда үч эсеге көбөйгөнүн белгилөөдө. Бул жакшы жыйынтык эмеспи?
-- Ооба, финансы министри үчүн бул жакшы жыйынтык. Ал эми абийири бар, профессионал экономист өкмөт башчысы мындай жыйынтык болгондо асынып өлмөк. Анткени, бул көрсөткүч өлкөдө импорттун кескин өскөнүн тастыктап турат. Кейиштүү жагдай – финансы министри үчүн башкы көрсөткүч бюджеттин кирешеси, ал эми өкмөт башчысы үчүн башкы көрсөткүч экспорттун көбөйүшү экенин Акылбек Жапаров таптакыр түшүнбөй койду. Эске салсак, Кыргызстан эгемендикке жеткен 1991-жылы өлкөнүн импорту 95 пайызды, ал эми экспорту 5 пайызды түзүп, катастрофалык абалда калганбыз. Анан экономика акырындап оңолуп, 2004-жылы гана экспорт жана импорт теңелген болчу. Кийин Убактылуу өкмөттүн анархиялык бийлигинде импорт экспорттон үч эсе көп болуп калган. Эми Акылбек Жапаров айтып жаткан «экономикалык керемет» заманда өлкөдө импорт (80 пайыз) экспорттон (20 пайыз) беш эсе (!) көптүк кылып, 90-жылдарга кайтып баратабыз. Натыйжада, расмий көрсөткүчтөргө таянсак, өлкөдөгү жакырчылык деңгээли соңку үч жылда 25 пайыздан 38 пайызга жетти. Аныгында ал көрсөткүч 50 пайыздан да ашты. Кыргыз элин кымбатчылык, жакырчылык кара тумоодой эле каптады. Кыргызстандын тышкы карызы болсо азайбастан кайра көбөйүп баратат. Өлкөнүн экономикасы жарга кептелип, өлөсө абалга келди. Акылбек Жапаров өткөн жылы 12,8 тонна алтынды чет өлкөлөргө саттырып, андан түшкөн 805 миллион долларга жыртык-тешиктерди жаап, «баары сонун» деп коомчулукту сооротуп жатат. Жаштар арасында миграциянын экинчи толкуну пайда болду. Артка кылчайсак, алгачкы эки президенттин тушунда жүз миң жаштар мигрант болуп кетишкен. Кийин Убактылуу өкмөттүн бийлигинде бир эле жылда (2012-ж.) беш жүз миң кыргыз Россияга бет алган. Эми Акылбек Жапаровдун куру убадаларынан тажашкан жаштар жумуш издешип массалык түрдө Европа, АКШ жакка кетип жатышат.
-- Соңунда кандай каалоо-сунуш айтат элеңиз?
-- Натыйжасы аз программасын финансы министрлигине тапшырып, өзү «Инвестиция жана экспорт» деген прогрессивдүү экономикалык жаңы программа иштеп чыгып, ошону ишке ашырууга жигердүү киришсе жакшы болот эле.
Асланбек Сартбаев,
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер