Балбак Түлөбаев Фейсбуктан президентти алкоого алып, кызмат үмүт кылып отургандай...
Сокенин доорунда Балбак Түлөбаев Бишкек мэрлигине аппарат башчы, Ысык-Көл облусуна губернатор болуп аз убакыт иштеди. Садыр Жапаров бийликке келгени Бишкек мэрлигинин милдетин аткарууга да жетишти. Орто жерден семирип кетип, арыктоо үчүн дарыланууга кеткен. “Май кармаган бармагын жалайт” дегендей. Ошентип, бир топ убакыт Балбак мырза ишсиз жүрүп, “Альянс” менен парламенттик шайлоого аттанып, бирок жетиштүү добуш ала албады. Баса, бул партия саясый оюн кылып атып, бийликке да жакпай калганын байкадык. Баарын анализдеп отурган Балбак Түлөбаев акыркы күндөрү кубулма өнөрүнө салып, президент Садыр Жапаровдун ишмердигин алкоого алган постторун Фейсбукка жаза баштады. Колдоп, сүрөп, жагалданып. Сыягы, өзүн эстетип, кошомат кылуу менен “майлуу” кызматты эңсеп калган го? Бир кезде Курманбек Бакиевдин тилин тапкан амалдуу жигит эле...
"Азия Ньюс" гезити